Мазмунга өтүү

Скифтер

Википедия дан
Скифтер.
Скифтер.
Бугу таштары.

Скифтер – б.з.ч. 7–3-кылымда түндүк Кара деңиз боюнда жашаган, иран тилинде сүйлөгөн байыркы уруулар. Скифтердин руханий жана материалдык маданияты сармат, массагет жана сак урууларына жакын. Скифтер Кара деңиздин түндүгүнөн киммерийлерди сүрүп чыгарып Мидияны, Сирияны, Палестина-ны басып алышат. Б.з.ч. 6-кылымдын башында скифтерди Алдыңкы Азиядан мидиялыктар сүрүп чыгышат. Скифтер Түндүк Кавказды, Крымды жана Дунай менен Дондун арасындагы талааларды мекендешет. Скифтер бир нече ири урууларга бөлүнгөн. Геродоттун маалыматы боюнча, Днепр менен Дондун аралыгында падыша скифтер, Днепрдин төмөнкү агымынын оң жээгинде, Крым талааларында көчмөн скифтер, Ингул менен Днепрдин арасында көчмөндөр менен аралаш дыйкан скифтер жашашкан. Түштүк Буг бойлорунда, Ольвия шаарына жакын жерде каллипиддер же эллин скифтер, алардан түндүгүрөөктө алазондор мекендеген. Кара деңиздин түндүгүндөгү кул ээлөөчүлүк мамлекеттер менен болгон карым-катнаш, мал, дан, тери жана кулдарды сатуу скиф коомунда таптардын пайда болушуна алып келген. Скифтерде уруу союздары түзүлүп, башында падыша турган кул ээлөөчүлүк мамлекетке айланган. Падыша бийлиги ыйык эсептелген жана мураска калтырылган. Бирок анын бийлиги бирикменин кеңеши жана элдик жыйын менен чектелген. Аскер ак сөөктөрү, чоролор жана дин кызматчылары бөлүнүп чыккан. Б.з.ч. 512-жылы Дарий I менен согушуу скифтер дин саясий жактан биригүүсүнө түрткү болду. Б.з.ч. 5–4-кылым Атей башка падышаларды четтетип, бийликти өзү ээлеген. Б.з.ч. 4-кылымдын 40-жылдарында ал Азов деңизинен тартып Дунайга чейинки скифтерди бириктирген. Скифтер жашаган мезгилге тиешелүү археологиялык эстеликтер Кыргызстандын аймагында да кездешет. Мис. алсак, Ивановкадан, Акбешимдин жанынан (Чүй өрөөнү), Акөлөңдөн (Ысык-Көл), Чийимташтан (Талас), Саймалыташтан (Ош) табылган. Бул көрүстөндөрдөн жез, алтын, күмүш жасалган идиш-аяктар, карапалар, ар түрдүү кооздук буюмдары табылган. Сскифтердин кол өнөрчүлүктө, дыйканчылыкта, аскер ишиндеги жетишкендиктери жергиликтүү элдин тарыхына, маданиятына чоң таасир тийгизген. Скифтердин искусствосу Борбордук Азияда жашаган элдердин көркөм өнөр маданиятындагы ажайып өнөрлөрдүн бири. Көптөгөн буюмдар айбанаттар стилинде өтө кызыктуу жасалган. Айбанаттардын (бугу, багыш, тоо теке, куштар) сөлөкөттөрү жана алардын кармашып жаткан учурлары да чагылдырылган. Сүрөттөр алтындан, күмүштөн, темирден жана колодон түрдүү ыкмалар менен жасалып, алардын башаты тотемдик түшүнүктөр аркылуу башталат. Скифтер доорунда жоокерлерге арналган таш балбалдар да өкүм сүргөн.

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.