Бото-Мойнок

Википедия дан

Бото-Мойноктопоним. Манас Алмамбетке алгач жолугарда кырк чоросу менен ууга чыгып, тамаша кылып жүрүп, Көкчөгө тарынып келаткан Алмамбетти көргөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 290). Географиялык реалияда Ашмара суусунун башы Кыргыз Ала-Тоосундагы бел.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4