Бото-Мойнок тоосу

Википедия дан

Бото-Мойнок тоосуКакшаал тоо тизмегине кирген, Аксай өрөөнүнүн түштүк-чыгышта, Көккыя менен Корумду сууларынын баш жагында жайгашкан кырка тоо, ашуу, суу. Ортоңку палеозойдун (девондун аягы, таш көмүр мезгилинин башы) кумдук, конгломерат, сланец, мергель, акиташ теги жана башкалар турган бийик тоолуу аймак. Рельефине тайпак, пенеплендешкен формалар мүнөздүү. Айрым чокулары 4200–4300 мге чейин көтөрүлөт. Талаа, шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайытка, аңчылыкка ылайык. Б-тун белинен (4020 м) илгери кербен жол өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]