Боэций

Википедия дан
Аниций Манлий Торкват Северин Боэций.
Dialectica, 1547.

Аниций Манлий Торкват Северин Боэций (480—524-ж.жакын) кечирээктеги антик дүйнөсүнүн акыркы ири философторунун бири.

V—VI кылымдарда Батыш Рим империясы өзүнүн жашоосун токтотот. 493-жылы остготгордун королу Теодорих Түндүк Италияны басып алып, отсгот мамлекетин түзөт, бул ушул аймакта стабилдүү саясый кырдаалдын орношуна шарт түзүп, ошондой эле экономикалык абалды жандандырууга алып келет. Маданият да өнүгүүгө ээ болот. Боэцийдин ишмерлиги дал ушундай шартта өткөн. Ал Теодорихтин тушунда олуттуу мамлекеттик кызматтарды ээлеп, Равеннде консул болуп турган. Бирок анын бийик мансабы кулоо менен бүткөн. Византия менен байланышта болуп, чыккынчылык кылдың деп айыпталып, түрмөгө камалып, өлүм жазасына тартылат. «Акыркы римдик» — аны ушинтип аташкан, аз гана, бар болгону 45 жыл гана жашайт, бирок ал философиянын өнүгүшү үчүн ото кон нерселерди иштей алган, анын идеялары антик мурастарын батыш европалык орто кылым менен жалгаштырып турган өзүнчө бир көпүрө сыяктуу кызмат кылат.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боэцийге чоң адабий мурас таандык. Ал төмөнкү эмгектерди жазган: «Музыка жөнүндө», «Ыйык үчилтик жөнүндө» (бул эмгегинде ал арианчылыкка каршы чыгат), «Католикалык диний ишеним жөнүндө», «Философия менен сооротуу» (түрмөдө өлүм алдында жазган). Боэций грек философторунун жана окумуштууларынын чыгармаларын грек тилинен латынга которуу жаатында да көп ишти аткарган. Ал Аристотелдин «Түшүндүрүү жөнүндө» жана Порфирийдин «Кириш сөз» менен бирге «Категориялар» деген логикалык эмгектерин (адабиятта бул көп учурда «Исагога» деген байыркы грекче аталыш менен эскерилет), Евклиддин (он үчтөн) биринчи төрт китебин (ырас, анын кийинки орто кылымдын илиминин илимий деңгээлин олуттуу түрдө төмөндөтүп жибергени далилденген эмес), Никомахтын «Арифметиканын негизи» деген чыгармаларын которгон. Бул котормолор орто кылымда философиянын жана билимдүүлүктүн таралышында бир кыйла олуттуу роль ойногон. Порфирий Аристотелдин «Категорияларына» жазган Кириш сөзүндө жалпы менен жекеликтин өз ара катышы жана алар өз алдынча жашабай же ой-зээнде гана жашайбы деген сыяктуу проблемаларына көңүл бурат. Боэций Порфирийдин бул жоболоруна Аристотелдин духунда өз комментарийин берет: жалпы нерсе акыл-зээнде жеке нерселерде бар болгон жалпы касиеттердин негизинде пайда болот. Жалпы менен жекеликтин өз ара катыш проблемасы Боэцийдин чыгармалары аркылуу орто кылым философиясында кылдат изилдөөнүн предмети болуп калат.

«Философия менен жубатуу»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боэцийдин ага бүткүл дүйнөлүк атак-даңкты алып келген негизги чыгармасы — «Философия менен жубатуу». Бул эмгегинде ал эрк эркиндигин Кудайдын өнөр-кесиби менен сыйыштыруу проблемасын чечүүгө аракеттенет. Бир жагынан алганда, эгерде Кудай бардык нерсени алдын ала белгилеп койгон болсо, анда эрк эркиндиги дегенибиз жок нерсе. Экинчи жагынан адамдын эркиндиги жана анын эрки канткен менен да жашап турат, бул болсо Кудайдын мунарыктаган белгисиз келечекти алдын ала көрө билүү жөндөмдүүлүгүнө шек келтирет. Бул жарыя ачык болуп турган карама-каршылыкты Боэций биздин келечектеги иш-аракеттерибизди Кудайдын билип жана аны алдын ала көрүп турушу ошол иш-аракеттердин өзүнүн зарыл себеби болуп саналбайт — деп түшүндүрөт.

Өзүнүн китебинде Боэций окурманды жамандыктан качууга, өзүнүн дилин жакшылык иштерге, акыл-эсин акыйкатка бурууга насыяттайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]