Братск ГЭСи

Википедия дан
Братск ГЭСи (1989).

Братск ГЭСи Октябрдын 50 жылдыгы атындагы -дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин бири. ГЭС Россиянын Иркутск облусундагы, Братск шаарынын жанындагы Ангара дарыяда курулган.

ГЭСтин курулушу 1955-ж. башталып, 1961-ж. алгачкы 4 агрегаты ишке киргизилген. Долбоор кубаттуулугу 4500 Мвт. Жылына орточо 22, 7 млрд. кет-с электр энергиясын чыгарат. 1967-ж. 1-январда ГЭСтин кубаттуулугу 4100 Метка жеткирилип, 18 гидроагрегат орнотулган. ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 124, 5 м; суу сактагычынын аянты 5470 км2 (к. Братск суу сактагычы). Братск ГЭСи келечекте Сибирдин экономикасынын өнүгүшү үчүн негизги энергетикалык база болуп кала берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.