Бриллиант

Википедия дан
Бриллианттар

Бриллиант (фр. brillant которулушу «жалтырак») — Катуу алмаздын тунук түрүнөн жасалган баалуу зер буюм. Ал табигый жалтырак түсү жана белгилүү бир түрдө өгөөлөнүп-жылмакайланган геометриялык формасы менен айырмаланат. Бриллиант жарык нурду эки жолу “сындыруу” сапатына ээ, башкача айтканда, ага түшкөн нурду өзүнүн ичинде эки жолу толук чагылдыра алат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң байыркы алмаздар Канаданын түштүк-батышында табылган. Окумуштуулардын айтуусунда, бул таштар 3,5 миллиард жыл мурун пайда болгон. Алгачкы бриллиантты 1454-жылы франциялык зергер Луи де Беркем иштеп чыккан. Луи де Беркем Франциядагы Бургундия шаарчасынын герцогу Шер Карлдын жеке зергери болгон. Качан герцог баалуу ташты көргөндө, өзүнүн бардык жоо кийимдерине ошол таштарды жабыштырып чыгууну буюрган. Анын айтканы боюнча, душмандар жалтырак таштан көздөрү уялып, туруштук бере албай калышмак. Мындай өзгөчө коргонуу канчалык деңгээлде пайдалуу экени белгисиз. Бирок, Шер Карлдын ыкмасын башка жоо башчылар да колдоно башташканы чын.

Бриллианттын калыбы[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Бриллиант кооз көрүнүш үчүн аны түрдүү калыпка салып өгөөлөйт. Бриллианттын эң жазы жери – бели, үстүнкү жагы - аянтчасы, асты – павильону деп аталат. Эгерде бриллианттын аянтчасында 33, павильонунда 24 кыр бар болсо, бул классикалык же стандарттык калыптагы бриллиант болуп эсептелет жана «КР-57» деп белгиленет. Кырларынын сапаты боюнча бриллианттар “A”, “B”, “C”, “D” болуп төрт топко бөлүнөт. Эң көп таркаган бриллиант калыптары: алмурут, маркиз, жүрөк, ханбийке, жакут, багет, тамчы.

Мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салмагы — Табиятта салмактуу бриллианттар өтө сейрек кездешет. 1 караттан ашык салмактагы бриллиант табияттагы бардык бриллианттардын 1 пайызын гана түзөт. Калгандары – майда бриллианттар. Салмагы боюнча бриллианттар 3 топко бөлүнөт: майда таштар – 0,29 каратка чейинкилер “меле”; орто таштар – 0,30-0,99 караттыктар “меланж”; ири таштар – 1 караттан жогорулар “солитер” деп аталат. 6 караттан өйдө салмагы бар бриллианттар демейде аукциондордо гана сатылат.

Тзалыгы — Табигый бриллиантта түрдүү чийиндер, дөмпөкчөлөр жана ичине толуп калган аба массасы болот. Америкалык ченемдер боюнча бриллианттын тазалык деңгээли үч белги менен белгиленет: эң таза – FL, таза – IF, толук таза эмес – I.

Өңү' — Бриллианттар табияттан тунук, саргылт, күңүрт, бозала түстө болот. Ак, тунук бриллианттар жаратылышта сейрек кездешкени үчүн баалуураак.

Баасы Бриллиант ташынын баасы дүйнөлүк стандартта 4 “С” боюнча аныкталат: Carat weight – салмагы, Color – түсү, Clarity – тунуктугу, Cut – калыбы. Бардык жагынан мыкты бриллиантка гана эң кымбат баа берилет. Салмагы чоң, бирок, өңү начар же туура эмес өгөөлөнгөн таштар кичинекей болсо да кемтиксиз таштарга караганда алда канча арзан. Башкача айтканда, 5 караттык бриллиант менен 2 караттык бриллианттын баасы тең болушу толук ыктымал. Учурда эң кымбат табигый бриллиантты 20 миң доллардан кем эмес акчага, эң арзанын 200 долларга сатып алуу мүмкүн.

Тарыхый бриллианттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоң жана салмактуу бриллианттарга атайын ысым ыйгаруу мурунтадан салтка айланган. Андай бриллианттар кайсы өлкөгө таандык болбосун, улуттук байлык жана сыймык болуп эсептелет. Тарыхтагы эң ири жана эң атактуу бриллиант “Куллинан” деп аталат. Анын салмагы 3 миң 106 каратка (621 миң 200 грамм), ал эми баасы 94 тонна алтындын баасына бараба. “Куллинанды” 1905-жылы британиялык Трансвааль колониясындагы кен издөөчүлөр таап, кен булагынын ээси Томас Куллинандын атынан аташкан. Бул кемчилиги жок, жогорку сапаттуу алмаз болгон. Качан аны Британиянын падышасына тапшырышканда, ал ташты майдалоону буйрук кылган. Натыйжада, бир эле “Куллинандан” 2 ири, 7 орто, 96 майда бриллиант чыккан. Алардын эң чоң бөлүгүн алмурут түрүндө өгөөлөшүп, “Африканын чоң жылдызы” (экинчи аталышы “Куллинан-I”) деп аташкан. Салмагы 530 карат болгон “чоң жылдыз” учурда эң чоң бриллиант болуп эсептелет жана Британиядагы Лондон мунарасында сакталат. Экинчи изумруд түрүндөгү бөлүк – “Куллинан-II” Британия падышасынын таажысына бекитилген. Анын салмагы 317 карат. Кийинки орто көлөмдөгү бриллианттар “Куллинан-III” (94 карат), “Куллинан-IV” (63 карат)... деп аталышат. Ал эми калган 96 бөлүктүн ар бирин жалпысынан эле “Африканын кичи жылдызы” деп атоону чечишкен. Дагы бир атактуу бриллиант «Кохинор» деп аталат (109 карат). Жалгыз ушул алмаз эч качан, эч жерде, эч кимге сатылган эмес. Болгону, көптөгөн жылдар бою колдон-колго өтүп келген. “Кохинордун” тарыхы Индияда тараган уламыштар менен тыгыз байланышта. Уламыштар билдиргендей, Янмин суусунун жээгинде бир наристе табылат. Ал наристе Күндүн уулу Карна болуп чыгат. Карнанын чекесинде чоң жылдыз жанып турган болот. Дал ошол жылдыз “Кохинор” бриллианты деп айтылат. Алгач бул асыл таш индиялык падышаларга таандык болгон. Андан соң “Кохинор” 200 жыл бою монголдордун колунда сакталган. Кийин сикх урууларынын башчыларына туш болуп, андан соң англиялыктар тарабынан уурдалган. Ханыша Виктория ташты калыпка салып өгөөлөткөндөн кийин анын салмагы 186 караттан 108 каратка чейин азайган. Азыр “Кохинор” Британиянын кичи таажысынын көркүн ачып турат. Атактуу бриллианттардын катарына кирген “Эврика” бриллиантынын тарыхы да кызыктуу. Ал 1866-жылы Түштүк Африкада табылган. Хоуптаун шаарчасынын тургуну, жаш фермер Эразм Якобс суу жээгинен чыбык издеп жүрүп кокусунан жалтырак таш таап алат. Анын кооздугун жактырып, карындашына белекке берет. Бриллианттын аркасы менен фермердин үйбүлөсүнө бакыт, байлык да келген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]