Бримкулов Улан Нургазиевич

Википедия дан

Бримкулов Улан Нургазиевич (2.8.1948-ж. т., Жалал-Абад областы, Токтогул шаарчасы) – информатик, техника илимдеринин доктору (1992), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1999). Москва энергетика институтун (1972), анын аспирантурасын (1978) жана докторантурасын (1991) бүтүргөн. ФПИде ассистент (1972), окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1991–92), Бишкектеги Менеджмент жана бизнес Эл аралык мектебинин профессор (1992–93), Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору (1993–95), Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары (1995–98), КТУнун ректору (1998–2003), КУУда декан (2003-жылдан). Экспериментти пландоо жана илимий-изилдөөлөрдү автоматташтыруу боюнча адис. 120дан ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Эмгектери: Иланирование регрессионных экспериментов при исследовании случайных полей (в соавторстве). М., 1978; Компьютер жана интернет (авторлош). Б., 2004.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]