Бройлeр

Википедия дан
Эт породаларындагы тоокторду өндүрүштүк масштабда өстүрүү. АКШ

Бройлeр (англисче Broiler, broil отко кактоо дегенден) – эттүү тоок. Жөжөсүнүн тирүүлөй салмагы 60–65 күндө 1,4–1,6 кгга жетет. Сойгондо 62–64% накта эт чыгат. Төш эти бардык этинин 32–35ин түзөт. Даамы жана мүнөз тамактык сапаты боюнча жөжөсүнүн эти чоңдорунукунан жогору турат эти жумшак, майы аз. Нью-гемпшир, плимутрок, корниш, москва жана башка породаларды аргындаштыруудан жакшы аргын бройлер. жөжөлөрү алынган. Суткалык жөжөлөр кенен, жылуу, электр жарыгы бар, жакшы желдетилүүчү тоокканада багылат. Жөжөлөргө калориялуу, протеини жетиштүү атайын аралаш тоют берилет. 60–65 күндөн кийин союу цехине жөнөтүлөт. Бройлер өстүрүү бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Англия, ГДР, Чехословакия жана башка) жакшы өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]