Бронха астмасы

Википедия дан

Бронха астмасы (гр. asthma -муунуу, тумчугуу) - бронхалардын кысылуусунан, алардын былжыр челинин шишүүсүнөн пайда болгон, маал-маалы менен капысынан тумчук-туруп кармоочу аллергиялык оору.

Бронха астмасынын пайда болуусуна бат-бат өпкөдөн сезгенүү, андан толук айыкпай калуу жана түрдүү аллергендер (үйдө айбандарды жана үй канаттууларды кармоо, чаңдар) себеп болот. Бронха астмасы мезгилинде оорулуу дем алган абаны сыртка чыгара албай кыйналат, деми кыстыгып, муунуп, тумчуга баштайт. Үнү кырылдап, эрди, бети көгөрүп, моюн кан тамырлары көөп, жөтөл пайда болуп, какырык чыгат. Бронха астмасы кармаганда бронхалардын кысы-лышын жоготуучу дарылар берилет. Ал кармабаган мезгилде ооруну пайда кылуучу аллергенди таап, аны жок кылуу зарыл. Кээде гормоналдык дарылар берилет жана курорттордо дарылануу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.