Бронхография

Википедия дан

Бронхография — кекиртекти жана бронхторду рентген контрасттуу заттарды жиберип, рентгенологиялык изилдөө методу.

Бронхография кекиртек, өпкө жана бронхтогу ооруларды (түрдүү шишиктерди, туберкулёз, бронхоэктаза жана башка) аныктоодо, өнөкөт сезгенүү ооруларды операцияга даярдоодо, дарылоонун натыйжасын текшерүүдө колдонулат. Оорулуунун жалпы абалы начар убакта, жүрөк-кан тамырдын, бөйрөктүн катуу ооруларында жана башка Бронхография жасоого болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8