Брудный Арон Абрамович

Википедия дан
Брудный Арон Абрамович

Брудный Арон Абрамович
Толук аты-жөнү Брудный Арон Абрамови
Төрөлгөн 13.1.1932
Фрунзе (азыркы Бишкек) Кыргызстан
Көз жумган 14.3.2011
Бишкек, Кыргызстан
Аймак Философия, психология

Брудный Арон Абрамович - Философия илиминин доктору, профессор, Мамлекеттик Илим Академиясынын член-корреспонденти, Орусиялык Табигый Илимдер Академиясынын мүчөсү, Калифорниялык Билим Берүү Академиясынын жана педагогика жана социалдык илимдер Академиясынын кадырлуу профессору.

52 жылдын аралыгында Кыргыз Илим Академиясында иштеген, Москвалык Мамлекеттик Университетинде (МГУ) авторлук курстарды окуткан, Кыргыз Орус Славян Университетинин (КРСУ) психология кафедрасын жетектеген, 1998 жылдан баштап Орто Азиялык Америкалык Университетинде (АУЦА) психологиялык лабораториясын жетектеген.

300 ашык илимий иштердин автору, илим жана техника чөйрөсүндөгү Кыргыз Мамлекеттик премиясынын Лауреаты. Анын иштери дүйнөнүн жети тилинде которулуп, көп жолу кайтадан басылып чыккан. Эл аралык профессионалдык конгресстерде катышкан.

Интенсивдик изилдөө иштеринен сырткары, киносценарий жана илимий-фантастикалык чыгармалардын үстүнөн иштеп, экзистенциалдык проза жанрында новелласын жарыялаган. Анын бир киносценарийинен Швейцариядан По одному из его киносценариев в "Көлөкө күзгүсү" атту кино тартылып, "Спиритикалык сеанс" пьесасы Москвада коюулган.

Акыркы маалда Арон Абрамович "Түшүнүү интеллектин көпчүлүк функциясы катары жана анын изилдөө усулдары" атту илимий-изилдөө долбоордун үстүнөн иш жүргүзгөн. Азыркы учурда басмада анын иштеринин жыйнагы Орто Азиялык Америкалык Университетинин психологиялык лабораториясында сакталып турат. Бул жыйнакты профессор жашоосунан кайтканына бир жума каларда бүтүргөнү үлгүргөн. Арон Абрамович Брудный 78 жашында 14.03.2011 башка дүйнөгө кайткан. Изилдөөчүнү өзүнүн жубайынын жанында көргө коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.centrasia.ru Archived 2014-06-25 at the Wayback Machine