Брумель Валерий Николаевич

Википедия дан

Брумель Валерий Николаевич (14. 5. 1942-ж. т. ) - советтик жеңил атлет, СССР спортуна эмгеги сиңирген мастер (1961).

1964-жылдан КПССтин мүчөсү. Москвадагы Борбордук физ-ра институтун бүтүргөн (1967). Бийиктиктен секирүү боюнча СССРдин, Европанын жана дүйнөнүн бир нече жолку рекордсмени, дүйнөлүк рекордду 2 м 28 см ге чейин жеткирген (1963). 18-Олимпиада-лык оюндун (1964, Токио, 2 м 18 см) чемпиону.

Үч жолу (1961, 1962, 1963) дүйнөнүн мыкты спортсмени деп таанылган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.