Бруно Марс

Википедия дан
Бруно Марс
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Питер Джин Эрнандес
Туулган жылы: 1985-жыл, 8-октябрь
Туулган жери: Вайкики, Гонолулу, Гавайи
Өлкө:  АКШ
Ишмердүүлүгү: Жеке аткаруучу

Питер Джин Эрнандес (Бруно Марс) - ( 8 октябрь, 1985- жылы туулган),Bruno Mars лакап аты менен белгилүү. Америка Кошмо Штаттарынын ырчысы, ырлардын автору жана музыкалык продюсер. Грэмми (Grammy) сыйлыгынын ээси, B.o.B "Nothin' on You" жана Трэвис Маккойдун "Миллиардер" (Billionaire) аттуу ырларды бирге жаздыруу менен атактуу болгон. Бруно Марс "Right Round" Флоу Райдын, "Желекти желбиретүү" (Wavin’ Flag) K’naanдын жана Cee Lo Greenдин "Унутам сени" (Forget You) аттуу ырларынын биргелешип жазган автору. 2010- жылы октябрь айында Billboard 200дө 3-орунга илинип, "Doo-Wops & Hooligans" альбомунун бет ачары болгон. 2011- жылдын 13- февралында өткөн 53 - “Грэмми” (Grammy Awards) аземинде, Бруно Марс 7 номинацияга көрсөтүлүп, "Just the Way You Are" аттуу ырына “вокалдуу поп аткаруунун эң мыкты ырчы мырзазы” сыйлыгынын ээси болгон.

1985 - 2008: Алгачкы жылдары жана карьеранын башталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Питер Джин Эрнандес Гонолулу (Гавайи) районунун, Вайкики жергесинде, пуэрторикалык жана филиппиндик тамырлары бар үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Эки жашында,тегерек бетүү болгондуктан атактуу кол күрөшчү (рестлер) Бруно Саммартинонун атынан, аны “Бруно” деп аташкан. Баланын ата-энеси музыка менен алектенчү, ошондуктан, ал музыканын ар кандай түрлөрүнөн таасирленген. Мисылы: регги, рок, хип-хоп жана R&B. Өспүрүм кезинен эле Майкл Джексондун, Элвис Пресли, The Isley Brothers жана The Temptations аттуу ырчылардын чыгармачылыгына кызыкчу. 1990-жылы Бруно Марс MidWeekте “Кичинекей Элвис” ролу жана “Лас-Вегаста бал айы” 1992 (Honeymoon in Vegas) аттуу тасмада эпизодук ролу менен чыккан. 2003-жылы Марс, музыка менен иштегенге Лос-Анджелеске көчкөн. Ошол эле жылы өзүнө сахна атын ойлоп тапкан. 2006-жылы Бруно Марс Атлантик рекордс (Atlantic Records) лейбли менен келишим түзгөн. Алгачкы учурда, Бруно башка аткаруучуларга ыр жазып берүү жана продюсерлик менен алектенген.

2009 - жылдан азыркы учурга чейин: Коммерциялык ийгиликтер жана "Doo-Wops & Hooligans"[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Doo-Wops&Hooligans

Атактуу жалгыз (соло) ырчы боло электе, Бруно Марс Александра Бёрк, Треви Маккой, Адам Левайн, Брэнди, Шон Кингстона, Флоу Райд жана Sugababes ырларынын автору. Анын биринчи музыкалык аткаруучу катары чыкканы "Far East Movement" тобунун, "Animal" альбому болгон. Атак-даңк B.o.Bнин "Nothin' on You" жана Трэвис Маккойдун "Billionaire" аттуу ырларынын биргелешкен автору жана аткаруучусу болгондуктан келген. 2010-жылы 12-сентябрда MTV музыкалык видео аземинеде (MTV Video Music Awards) , B.o.B жана Хэйли Уильямс менен "Airplanes" чыгармасын аткарган. Бруно Марстын дебюттук альбому "Doo-Wops & Hooligans" 2010-жылдын, 4- октябрында бет ачары болгон. Алгачкы ыры (сингл) "Just the Way You Are" 2010-жылдын, 19-июльда чыккан жана ал ыры Billboard Hot 100дүн башында турган. Кийинки ырлары "Liquor Store Blues" жана "Grenade"(граната)болгон.


Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бруно Марс Гремми аземинде
Студиялык альбомдор
  • Doo-Wops & Hooligans (2010)
EP
  • It's Better If You Don't Understand (2010)
Синглдер
  • «The Other Side»
  • «Just the Way You Are»
  • «Liquor Store Blues»
  • «Grenade»
  • «The Lazy Song»
  • «Talking to the Moon»
Чакырылган жылдыз катары аткаруучу
  • «Nothin' on You» (B.o.B)
  • «Billionaire» (Трэвис Маккой)
  • «Powerful Star» (Pezzy Montana)
  • «Before It Explodes» (Александра Бёрк)
  • «Lighters» (Bad Meets Evil)

Сыйлыктары жана номинациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аталышы Сыйлык Категория Натыйжасы
2010 «Nothin' on You» BET Awards Эң мыкты биргелешип аткаруу ном
Жылдын видеосу ном
BET Hip Hop Awards Мыкты хип-хоп видео ном
Reese’s Perfect Combo Award ном
Verizon People’s Champ Award ном
MTV Video Music Awards,MTV Музыкалык видео сыйлыгы Мыкты поп видео ном
MTV2 Sucker Free Summit Awards Классика ном
Soul Train Music Awards Жылдын ыры уткан
Teen Choice Awards,Өспүрүмдөрдүн тандоо сыйлыгы Эң мыкты ыр ном
2011 53-«Грэмми» аземи Мыкты реп ном
Мыкты реп/Мыкты бирге аткарган ыр ном
«Грэмми» эң мыкты жаздыралгын жылдын ыры үчүн сыйлыгы ном
«Fuck You!» ном
Жылдын ыры ном
«Just the Way You Are» Вокалдуу попту эң мыкты аткарган мырза уткан
The Smeezingtons Жылдын продюсери ном

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]