Бруцеллизат

Википедия дан

Бруцеллизат - майда жандыктын бруцеллёз ылаңын аныктоо үчүн колдонулуучу биологиялык препарат.

Бул - өңсүз, түссүз суюктук. Биофабрикада даярдалып, өндүрүшкө чыгараардын алдында тазалыгы, залалсыздыгы, активдүүлүгү аныкталат. 19 айга чейин күчүн жоготпойт. Препарат 0, 2 мл өлчөмдө териге куюлат. Дарттуу малдын препарат куюлган жеринде сезгенүү реакциясы (шишүү, кызаруу) пайда болот.

Реакция 24 - 48 сааттан кийин текшерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.