Мазмунга өтүү

Бруцеллёз

Википедия дан

Бруцеллез (лат. brucellosis) - жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Бруцеллёзду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине (суукка) туруктуу келет.

Жугуу жолдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мал бала салганда
  • Туут учурунда
  • Мал союлганда
  • Малдын жүнүн кыркуу мезгилинде
  • Жүн терисин иштетүүдө өтө этият болуу керек.

Оорулуу мал бала салганда, туут учурунда көптөгөн бруцеллез деп аталган ооруунун козгогучтары бөлүнүп чыгат. Бул учурда мал турган жер жугуштуу болот. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо малдар (уй, топоз), бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт. Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башка менен сыртка бөлүнүп чыгып, жер-сууну булгайт. Бруцеллёз менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт.

Дем алуу органдарынын схемалык көрсөтүлүшү (бронхтун үстүндөгү өпкө тканы алынып ташталган): 1—3— бронхтор, 4— өпкө, 5— кекиртек.

Кишиге дарттын козгогучу негизинен булганган же чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган тамак-ашты (сыр, май, быштак жана башка), чала бышырылган этти жегенде, ылаңдуу малды бакканда, аларды туудурганда, колдун терисиндеги майда жараат, кесиктер аркылуу, ошондой эле булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Бруцеллёз мал чарбасында иштегендерде (койчу, уйчу, саанчы, зоотехник, ветеринариялык кызматкерлер), малдан алынган азыктарды чыгаруучу жана тери жүн иштетүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчуларда көп кездешет.

Оорунун белгилери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору клиникалык белгилеринин өтө көп түрдүүлүгү менен мүнөздүү. Оорунун алгачкы белгиси козгогуч жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин (инкубациялык мезгил) билинет. Мында алы кетип, чыйрыгып, эти ысыйт, башы ооруп, кара тер басат. Оору кээде капысынан катуу башталат: баш катуу ооруп, дене температурасы 39—40°ка жетет, тер басып уйкусу качат, чыйрыгып алы кетет, булчуңдары, муундары кыймылдатпай катуу ооруйт. Кан тамырлар, нерв системасы жана сөөктөр, муундар жабыркап, кээде психиканын бузулушу байкалат. Бруцеллёз оорусу 3 айга, айрым учурда 1—2 жылга чейин созулат. Оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе, оорулунун ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жумушка жараксыз (инвалид) болуп калат. Кош бойлуу аялдардын боюнан түшүп калышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу зарыл. Ооруну ооруканада дарылайт.

Чоңдорду дарылоонун алтын стандарты күнүнө 14 күнгө чейин 1 г стрептомицинди булчуңга саюу жана бир эле убакта 100 мг доксициклинди 45 күн ичүү болуп эсептелет. Эгер стрептомицин жок болсо же жакпаса, 5 мг/кг гентамицинди күнүнө бир жолу, 7 күндүн ичинде булчуңга сайган оӊ.[1]  Дагы бир кеңири колдонулуучу режим – доксициклин менен рифампицинди аралаштырып, күнүнө эки жолу, 6 жумадан кем эмес колдонуу. Аталган дарыларды ичкенде пайдалуураак. Нейробруцеллёзду дарылоодо доксициклин, рифампицин жана ко-тримоксазолду кошуп дарылаганда, таасири жакшы болгон.[2]  Доксициклинге рифампицинди аралаштырып колдонууга (2-3 жумадан ашык) караганда доксициклинге стрептомицинди кошуп пайдаланган (6 жума бою) жакшы.[3]  

Доксициклин гематоэнцефалдык тосмодон өтө алат, бирок оорунун кайталанбашы үчүн дагы эки дары кошуу керек. Ципрофлоксацин жана ко-тримоксазол менен дабалоо илдеттин тез-тез кайталануусу менен байланышкан. Бруцеллёз эндокардитинен жакшы айыгуу үчүн хирургиялык операция талап кылынат. Атүгүл бруцеллёзго каршы туура дарылаган учурда деле, мальта безгеги менен ооругандардын 5-10 %ы бул дартка кайра чалдыгат.

Болжолдоолор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1909-жылы Мальтада жайгашкан британ аскери менен флотунда аталган оору аныкталып, каза болгондордун саны 2 %ды түзгөн. Өлүмдүн башкы себеби эндокардит болгон. Антибиотиктер менен хирургиянын акыркы жетишкендиктери эндокардит менен ооругандарды аман алып калууда.

Адамдарды бруцеллёздон вакциналоо жана башка ветеринардык көзөмөлдөө ыкмалары менен, мисалы, малдарды текшерүү жана оору жуккан болсо аларды союп, илдетти жок кылуу сыяктуу жолдор менен сактандырууга болот. Учурда адамдар үчүн толугу менен майнаптуу вакцина жок.

Ичкенге же башка сүт азыктарын жасаганга чейин сүттү кайнатса, организмге андан оору жукпайт. Чийки этти, боорду же сөөк чучугун жеген адатты таштоо.

Бруцеллёз менен ооруган бейтаптар донор катары кан же бөлөк органдарын бербеши керек. Диагностикалык лабораториянын кызматкерлерине бруцеллёздун таасир этүүсү эндемикалык шарттарда дагы, бейтап өзү аңдабай алып келгенде деле көйгөй бойдон калууда.[4]  Илдеттин олуттуу таасирине кабылган кызматкерлердин тобокелдигине тиешелүү баалаган соӊ, 6 ай бою экспозициядан кийинки алдын алууну жана серологиялык көзөмөл жүргүзүүнү сунуш кылуу абзел.[1]  

Жакында жарыяланган тажрыйба узак мөөнөттүү жана тез-тез жүргүзүлүүчү серологиялык байкоо көп маалымат бербей, кыйла ресурстарды сарптай тургандыгын жана анын талаптарын дайым сактабаган кызматкерлер үчүн оор экендигин тастыктады.

Адатта сунуш кылынуучу рифампицин менен доксициклинди 3 жума алуу режиминин кыйыр таасирлери дарылоонун мындай түрүнө ишеничти азайтат. Эки дары менен дарылоонун монотерапияга салыштырмалуу натыйжалуу экендигине эч кандай далил жок болгондуктан, Британия нускамалары боюнча эми доксициклинди 3 жума гана колдонууну жана жеңилирээк байкоо протоколу сунушталат.[5]  

Бруцеллёз биринчи жолу 1850-жылдары Мальтада Крым согушу мезгилинде англиялык дарыгерлердин көңүлүн бурган жана Мальта безгеги деп аталган.[2] Джеффри Аллен Марстон (1831-1911) 1861-жылы өзү бул дарт менен кантип ооругандыгын сыпаттап жазган. Организм менен оорунун себеп-натыйжалык байланышы биринчи жолу 1887-жылы Дэвид Брюс тарабынан аныкталган.  Брюс баамдаган агент кокусс катары түркүмдөлгөн.

1897-жылы даниялык ветдоктур Бернхард Банг бацилланы уйлардын өзүнчө эле болуучу абортун козгогуч катары бөлүп көрсөткөн соӊ, бул абал «Банг ылаңы» деп аталып калган. Ал кезде эч ким бул бацилланын Мальта безгегинин козгогучуна тиешеси бар экендигин билген эмес.

Мальталык окумуштуу жана археолог Фемистокл Заммит 1905-жылдын июнь айында толкундуу безгектин эчкинин пастерленбеген сүтүнөн келип чыкканын аныктады.[6]  

1910-жылдардын аягында америкалык бактериолог Элис К. Эванс Банг илдетин изилдеп, акыры анын Брюстун коккунан дээрлик айырмаланбай тургандыгын түшүнгөн. Кыска өзөк менен сүйрүчө-тоголоктун ортосундагы морфологиялык чек ара бацилла менен кокктун ортосундагы мурдагы айырмачылыктын жоюлушун түшүндүрдү (башкача айтканда, бул «эки» козгогуч бациллага каршы кокк эмес, тагыраагы, бир эле коккобацилла болчу).

Бангдын бацилласы буга чейин байма-бай пайда болуп, малды жугуштуу абортторго дуушар кылган америкалык уйлардын энзоотикалык бацилласы катары белгилүү болгон. Бактериялардын дээрлик бирдей экендиги, мүмкүн толук окшош экендиги жөнүндө ачылыш жасап, Эванс эмне үчүн Кошмо Штаттарда Мальта безгеги кеңири диагноздолгон эмес же катталбаган деген суроо койду.

Ал бүдөмүк, так аныкталбаган безгек ооруларынын көп учурлары чийки (пастерленбеген) сүттү колдонуудан келип чыккан окшойт деп ойлой баштады. Бул божомол 1920-жылдары ырасталды.

Мындай оорулардын диагноз коюлбаган жана дарылана элек ичеги-карын ооруларынан баштап, туура эмес диагноз коюлган, айрымдары өлүмгө алып келген чыйрыктырма жана ооруксунтан варианттарга чейинки түрлөрү бар эле.

Бактериологиялык илимдеги мындай өсүш Американын сүт тармагындагы азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталган олуттуу өзгөрүүлөргө себеп болду. Анын натыйжасында пастерлөө стандарты киргизилип, сүт фермаларындагы сүт чарбаларында тазалыкка айрыкча көңүл бурула баштады.

Чыгымдар тармакты тушап, ишенбөөчүлүктү пайда кылды, бирок жаңы гигиеналык эрежелер акыры көнүмүш адатка айланды. Кийинки он жылдыктарда бул чаралар кээде адамдарга ашыкча көрүнгөнү менен, сүт саап жатканда же сүт сакталган жайда гигиеналык талаптарды сактабай коюш же чийки сүт ичүү коопсуз болбойт.

Эванстын эмгегинен кийин ондогон жылдар аралыгында Брюстун урматына Brucella деп аталган тукум вируленттүүлүгү ар кандай болгон бир нече түрдү камтыган. «Бруцеллёз» деген аталыш 19-кылымдагы Жер Ортолук деңизи безгеги жана Малта безгеги деген аталыштардын ордуна колдонулуп кеткен.[7]

1989-жылы Сауд Аравиясынын неврологдору «нейробруцеллезду» – бруцеллёздун нервди жабыркатышын аныкташкан.[8]  

Төмөнкү эски аталыштар мурда бруцеллёзго карата колдонулган:[9]

  • Крым безгеги
  • Кипр безгеги
  • Гибралтар безгеги
  • Эчки безгеги
  • Италия безгеги
  • Неаполитан безгеги

Оорунун алдын алуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бруцеллёздун алдын алуу үчүн ылаңдуу малды өз убагында таап, аны соо малдан бөлүү же союп жок кылуу, терисин 2 ай туздоо, жүнүн бромдуу метилге чылоо сунуш кылынат. Бруцеллёз чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек. Мал чарбасында, жаныбар сырьёлорун иштетүүчү өнөр жай ишканаларында (эт, сүт комбинаты, жүн, тери иштетүүчү ишкана жана башка) иштегендерди жыл сайын медициналык атайын кароодон өткөзүп, аларды алдын ала ооруга каршы эмдеп туруу; атайын кийимдер (резина өтүк, резина кол кап, комбинезон, атайын халат), өздүк гигиеналык каражаттар (сүлгү, самын, кол жуугучтар, жугушсуздандыруучу химиялык заттар жана башка) менен камсыздандыруу; өздүк жана коомдук гигиеналык эрежелерди туура сактоо, иштен кийин жана тамактануунун алдында, өзгөчө колду самындап таза жууп туруу керек. Мындай жерде өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар иштөөгө болбойт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Centers for Disease Control Prevention (CDC) (January 2008). "Laboratory-acquired brucellosis--Indiana and Minnesota, 2006". MMWR. Morbidity and Mortality Weekly Report. 57 (2): 39–42.
  2. Wilkinson L (1993). "Brucellosis". In Kiple KF (ed.). The Cambridge World History of Human Disease.