Брэдли Купер

Википедия дан

Бредли Чарльз Купер (англ. Bradley Cooper;1975-жылдын 5-январында туулган) - америкалык актер жана продюсер. Ал үч жылы катары менен дүйнөдөгү эң кирешелүү актерлордун бири катары таанылган жана Оскар” сыйлыгына, “Алтын глобус” сыйлыгына, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына көрсөтүлгөн. Forbes журналы аны “Эң таанымал 100 инсан” тизмесине эки жолу кошкон, ал эми Time журналынын 2015-жылдагы “Дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамы” тизмесине дагы кирген.

Актер 2000-жылы Нү-Йорктогу актердук драмалык студияга тапшырган. Анын актердук чыгармачылыгы 1999-жылы “Чоң шаардагы секс” (англ. Sex and the City) сериалына эпизоддук ролдо катышуудан башталган. Анын биринчи тасмалык дебюту “Америкадагы ысык жай” ( англ.Wet Hot American Summer) тасмасы болгон. “Каймана ат” (англ. Alias, 2001-2006) телевизиондук тасмасынде Уилл Типпиндин ролу менен таанылган. Ошондой эле “Үйлөнүү тойдогу күтүлбөгөн коноктор” (англ. Wedding Crashers, 2005) тасмасындагы эпизоддук ролу дагы ага ийгилик алып келген. Аны 2011-2013-жылдары экиге бөлүнүп көрсөтүлгөн “Баш жазуу” (англ. The Hangover, 2009) комедиясындагы ролу аны атактуу кылган.

Актердун “Чексиздик” (англ. Limitless, 2011) тасмасындеги аракетчил жазуучунун ролу жана “Карагай түбүндөгү жай” (англ. The Place Beyond the Pines, 2012) тасмасындеги жаңыдан жумушка орношкон полиция кызматкеринин ролу кино сынчыларынын мактоосуна арзыган. Актер “Күмүш мукабалуу китеп” ( англ. Silver Linings Playbook, 2012), “Америка аферасы” ( англ.American Hustle, 2013), and “Америкалык снайпер” ( American Sniper, 2014) тасмаларында ийгиликтерге жетишкен. Бул тасмалардагы ролдору үчүн эки жолу “ Эң мыкты актер” номинациясына, бир жолу “Экинчи пландагы эң мыкты актер” жана бир жолу “Эң мыкты фильм” номинацияларында “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бредли Купер “Оскар” сыйлыгын үч жыл катары менен алган онунчу актер болгон. 2014-жылы Бродвей театрынын сахнасында “Пил- адам”(англ. The Elephant Man) пьесасында Жозеф Мерриктин ролун ойноп, “Эң мыкты актер” номинациясында "Тони" сыйлыгына татыктуу болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]