Брюсселдеги террордук чабуулдар (2016)

Википедия дан
Брюсселдеги террордук чабуул (2016)‎»‎ барагынан багытталды)
Брюсселдеги террордук чабуул
Террордук чабуул болгон жер
Чабуул болгон жер

 Бельгия, Брюссель, Брюссель аэропорту, Малбек метро станциясы
50°53′49″ с. ш. 4°29′01″ в. д.HGЯO

Датасы

22 март 2016 жыл
8:00-9:30

Чабуулдун ыкмасы

Жардыруулар, теракт-өзүн-өлтүрүү

Куралдары

Жардыруучу түзүлүштөр

Каза болгондор

38 (35 өлгөндөр, 3 кылмышкерлер)[1]

Жаракат алгандар

340 [1][2]

Шектүүлөр

 Ислам мамлекети

Брюсселдеги террордук чабуул2016-жылдын 22-мартында брюссель аэропортунда жана метрополитенинде («Малбек» станциясында) болгон жардыруулар. Бул кылмыштын жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук тобу мойнуна алган.

Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны азыркы учурда 34 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага кайрылгандардын саны 230га жакын.

Маалыматка ылайык, аэропорттун ичиндеги 2 жардыруудан 14 адам каза тапса, метрополитендин жанындагы жардыруудан 20 адам мерт болду. Брюсселде метро, коомдук унаа, трамвайлар убактылуу токтотулганы маалымдалды. Аэропорттун ичинде 2 жардыруу болуп, учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилгендигине байланыштуу ал 23-март, таңкы саат 06:00гө чейин толугу менен жабылды. Бул аэропортко учуп келүүчү учактар убактылуу Бельгиянын аймактык аэропортторуна конмокчу болду.

Окуяга чейин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылдын 13-ноябрь күнү Парижде болгон терактардан кийин, 21-ноябрь күнү Бельгиянын премьер-министри Шарль Мишель Брюсселде да ири террордук акт орун алаарын айтып чыккан.

Окуяга 4 күн калганда, 2016-жылдын 18-мартында Брююссель шаарына жакынкы Моленбек-Сен-Жан аймагында Париждеги теракттардын эң негизги күнөөкөрү делген Салах Абдеслам кармалган. 22-марттагы теракттар Абделсламдын кармалышы үчүн өч алуу максатында болгон деген божомолдор бар.

Аэропортто[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аэропортто жардырууну жасаган шектүүлөрдүн сүрөттү

22-март күнү жергиликтүү убакыт менен саат 8:00 чамасында (CET, UTC+1) аэропорттун учуу залында 2 жардыруу болгон. Аны террорист-жанкечтер American Airlines жана Brussels Airlinesтын түркүктөрүнүн ортосунда, экинчиси Starbucks кафесинин жанында ишке ашырышкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, абабекетте 14 киши каза болуп, 96сы жаракат алышкан. Учуу жана конуу иштери токтотулган, учактар кошумча аэродромдорго киришкен. Аэропорттун имаратына чоң зыян келген: потолоктун бир бөлүгү түшкөн жана айнектер сынып кеткен.

Бельгия тергөөчүлөрү аэропортто бомбаны 29 жаштагы бельгиялык жаран Ибрагим эль-Бакрауи жардырган деп эсептешет. Ошондой эле "Малбек" метросундагы жардырууга анын иниси, 27 жаштагы Халид Бакрауи жардамдашкан деген пикирди карманышууда. Ага-ини Бакрауинин шериги деп божомолдонуп жаткан адамды издөө салды. Ал жарылуучу зат салынган баштыкты аэропортко калтырып, өзү качып кеткен. Бомба жарылган эмес, аны полиция таап алып, зыянсыздандырды.

Теракттын качып кеткен төртүнчү катышуучусу да бар деп айтылууда. Брюсселдеги бул теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топ мойнуна алды".

Бул теракт Бельгиянын борборунун тарыхында эң кандуу деп аталды. Брюсселдин мэриясы террордук коркунучтун деңгээлин эң жогорку 4-категорияга көтөрдү. Европалык ири аэропорттор Брюссель менен авиа жана темир жол каттамдарын убактылуу токтотту.

Брюссель Метрополитени[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үчүнчү жардыруу болжол менен саат 9:30да (CET, UTC+1) «Малбек» жана «Шуман» станцияларынын ортосундагы поездде болгон. Жыйынтыгында 20 киши набыт болуп, 106дан кем эмес адам (анын ичинде 17си оор абалда) жаракат алган. Метрополитен толугу менен жабылган.

Колдонулган чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол эле күнү Бельгия өкмөтү эң жогорку террордук коркунуч деңгээлин киргизген. Бельгиянын борборунда коомдук транспорт толугу менен токтотулган. Өкмөт калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйдөн жана кеңселерден чыкпоону жана көчөдө азыраак жүрүүгө чакырган.

Жана дагы, уюлдук тармакка күч келгендиктен, элдерди чалуулардын ордуна SMS же социалдык тармактарды колдонууну айтышкан. Бул үчүн "wifi Telenet" оператору бардык интернет булактарына акы алууну токтоткон.

Мындан тышкары, Бельгия тарабынан Франция менен болгон чек арасын толугу менен жапкан: автоунаа жолдору тосулуп, темир жол байланышы да токтогон — жолго чыккан Thalys ылдам жүрүүчү поезддери кайра артка келген.

Бельгия прокуратурасы баардык ММКна тергөө иштеринин маалыматтарын басып чыгарбоону суранган, ири ММКлар бул чакырыкты колдогон.

Тергөөнүн жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

22-март күнү кечинде тергөө органдары Брюссель аэропортунун камерасынан алынган стоп-кадрды тараткан. Анда ушул эле күнү таң эрте болгон террордук ишти жасаган деп шектелген үч кишинин сүрөтү бар болчу. Экөөнүн сөөгү курман болгондордун арасынан табылган, ал эми үчүнчүсү (сүрөттүн оң жагындагысы, ак куртка кийингени) азыркы кезекте изделүүдө. Полициянын айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн жанынан Калашников втоматы табылган жана аэропорттун аймагынан иштебей калган үчүнчү жардыргыч зат табылганын айтат.

23-март күнү Бельгия полициясы эки кылмышкердин атын жарыялаган: алар ага-ини Ибрахим жана Халид Эль Бакрауи экендиги айтылган, экөө тең Бельгиянын жарааны. Биринчиси аэропортто жардырууну ишке ашырса, экинчиси метродо кылган. Мындан тышкары камеранын обьективине түшкөн дагы эки адамдын ким экендиги тактала элек.

Телевизордон жардырууларды жана кылмышка шекүүлөрдүн сүрөтүн көргөндөн кийин мурда аларды жеткирген таксисттин тергөө иштерине берген жардамы чоң болгон. Ал террористтерди аэропортко алып барган жана полицияга алардын таксиге түшкөн жерин көрсөткөн. Ал жерге, Брюсселге жакын жайгашкан аймакта, Макс Роос көчөсү 4 дареги боюнча барып, тинтүү иштерин жүргүзүшкөндө 15 кг пероксид ацетон, 150 литр ацетон, 30 литр өтө кычкыл суутек (перекись водорода), жана дагы мык менен бурама мыкка (шуруп) толгон чемодан жана детонатор табылган.

Үйдөн анча алыс эмес жерде, таштанды челегинен табылган компьютерде Ибрахима Эль Бакрауинин "керээзи" табылган. Анда "мен абдан шашып жатам, себеби мени бардык жерде издеп жатышат, жана мен анын жанында, андай болгум келбейт" деп жазылган. "Ал" дегени 2015-жылы Парижде болгон теракттардын уюштуруучусу делген Салах Абдеслам болушу толук ыктымал.

Фотогалерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Le bilan des attentats de Bruxelles s'alourdit à 35 morts. Lenta.ru (28 марта 2016). Текшерилген күнү 28 -март (жалган куран) 2016. (фр.)
  2. Брюсселдеги чабуулдан: жаракат алгандар. Текшерилген күнү 22 -март (жалган куран) 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 Апрель 2016.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]