Бубнов Андрей Сергеевич

Википедия дан

Бубнов Андрей Сергеевич (23. 3(4. 4). 1883-12. 1. 1940) -советтик ыамл. жана партиялык ишмер, тарыхчы-публициулук

1903-жылдан Компартиянын мүчөсү. Москвадагы айыл чарба институтунда окуган жана революциячыл иши үчүн институттан чыгарылган. РСДРПнин 4-(1906) жана 5-(1907) съезддеринин катышуучусу. 1907-жылдан РСДРПнин Москва комитетинин мүчөсү. 1909-17-ж. Новгород, Петербург, Сормово, Самара ж. б. шаарларда партиялык иш жүргүзгөн. Бир нече жолу камалган. 1917-жылдагы Февр. революциясынан кийин РСДРП (б) Москва обл. бюросунун мүчөсү. РСДРП(б)нин 7-(Ап-рель) конф-ясынын делегаты. Партиянын 6-съездинде РСДРП (б) БКнын мүчөсү.

1917-ж. октябрда БКнын заседаниесинде Саясий бюрого мүчө, Советтердин 2-съездинен кийин ББАКтын мүчөсү болуп шайланган. 1917-жылдын октябрынан Петроград Аскер революциячыл комитетинин мүчөсү. 1918-ж. ал "солчул коммунисттерге", 1920-21-ж. "демократиялык централизм тобуна", 1923-ж. троцкисттик оппозицияга кошулган, кийинчерээк бул топтон жана оппозициядан баш тарткан. 1924-29-ж. Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын Саясий башкармасынын начальниги, СССР революциячыл согуш советинин мүчөсү, ВКП (б) БКнын Уюштуруу бюросунун мүчөсү.

1925-ж. РКП (б) БКнын секретары. 1929-37-ж. РСФСРдин эл агартуу комиссары. РКП (б) нин 8-, 11- жана 12-съезддеринде БКнын мүчөлүгүнө кандидат, анын 13-17-съезддеринде БКнын мүчөсү. ББАКтын жана СССР БАКтын мүчөсү. Ленин ордени, Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Бубнов - "Россияда коммунисттик партиянын өнүгүшүнүн негизги учурлары", "РКП тарыхынын негизги маселелери" деген эмгектердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.