Будаңчаң

Википедия дан

БудаңчаңМанас эпосунун кейипкери. Кытайдын Манаска каршы күрөшкөн он бир дуу-дуусунун бири, эпос боюнча Кусар көлүнүн боюндагы Токонарат шаарынын каны. Көкөтөйдүн ашындагы эр сайышка Бозкертик экөө Коңурбайды коштоп чыгат. Ат чабышта Б-дын Салкарасы Кошойдун Чоңсарысынан кийин келет. Коңурбай, Жолой баш болгон кытай, калмактар Ушаңдын тилин албай байгеге зордук кылып, чыр башташканда В. менен Ушаң талоончуларга кошулбай коюшуп, Жолойдон запкы көрүп калышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 248, 267, 277).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4