Буйнакский Уллубий Даниялович

Википедия дан

Буйнакский Уллубий Даниялович (1890-1919) - Дагстанда Совет бийлиги үчүн күрөштү уюштуруучулар-дын бири.

1916-жылдан Компартиянын мүчөсү. Москва университетинин юрид. факультететинде окуган. 1917-ж. Февр, революциясынан кийин Москванын Хамовни-ческий районунда, кийин Дагестанда парт, иш жүргүзгөн. 1917-жылдын ноябрынан Петровск - Портанын (азыркы Махачкала), 1918-ж. Даг-стан обл. аскердик революциячыл советин башкарат. Дагстанда Совет бийлиги убактысынча кулагандан кийин Астраханга кетип, 1919-жылдын башында Дагстанга кайра келет да, РКП(б) - нин подпольелик обл. комитетин, Дагстан аскердик советин түзүүгө катышкан. 1919-ж. 13-майда прово-катордун айгагы боюнча Буйнакский башында турган обкомдун бардык мүчөлөрү контрреволюциячыл "тоолук өкмөт" тарабынан камакка алынып, аскер-шарыят сотуна берилген жана атылган.

1922-ж. Темир-Хан-Шура шаары Буйнакскийдин урматына Буйнакск болуп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.