Булгачы улусу
Булгачы улусу — ичкилик-15-кылымдын аягы - 16-кылымдын башында калыптанган кыргыз элинин негизги уюткусун түзгөн үч уруу бирикмесинин бири.
Булгачы улусу улус | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
Тил | кыргызча, моңголчо | |||
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарыхый жазма даректери караганда, Булгачы улусунун тутумуна ошол кездеги бостон, тейит, кыдырта, дөөлөс, канды, жоо кесек сыяктуу уруулар кирген. Булгачы наамындагы уруулар бирикмеси 12-13-кылымдын чегинен бери белгилүү. Ошол чакта ал бирикме Енисей-Иртыш дарыяларынын баш жагында дөөлөс (толос), баргут ж. б. уруулар менен аралаш, Енисей кыргыздары өлкөсүнө коңшулаш жашаган. Мындан кийинки 150 жыл убакыттагы Булгачы улусу урууларынын тарыхы азырынча белгисиз.
14-кылымдын аягында Булгачы улусу феодалдык уруулар бирикмеси катарында Или-Иртыш дарыяларынын аралыгында Тимурдун аскерлерине каршы аёосуз күрөшкөн. Акыры Тимур өзү баштаган кол басын киргенде, Булгачы улусу Алтайга чегинген. Туткунга түшкөн уруулар тобунун бир бөлүгү Түштүк -Батыш Тянь-Шанга жайгаштырылат. Кийин ушул жерге Булгачы улусунун негизги уюткусу топтолгон да, ал уруулар кыргыз элинин тутумуна ичкилик деген наам менен кошулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.