Буле
Көрүнүш
Буле (гр. bule - кеңеш) Байыркы Грецияда –
- 1) Гомердин поэмаларында уруу ак сөөктөрүнүн басилей алдындагы кеңеши.
- 2) Аристократиялык жана олигархиялык шаар-мамлекеттердеги (б. з. ч. 5-кылымдын башына чейин) ак сөөктөрдүн же бай адамдардын башкаруу кеңеши.
- 3) Демократиялык полистердеги аткаруучу бийликтин жана мамлекеттик контролдун жогорку органы.
Буленин мүчөлөрүнүн саны ар кайсы мезгилде ар кандай болуп, 400-500, 600 адамдан турган жана 10 комиссияга бөлүнүп, кезектешип иштеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.