Бултеке керамзиттик бүлөташ кени

Википедия дан

Бултеке керамзиттик бүлөташ кени Чүй облусунун Москва районунда, Беловодский (Ак-Суу) кыштагынан 35 км түштүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1546–1700 м бийиктикте. 1969–70-ж. Түндүк геол. экспедициясы чалгындаган. Аймагын негизинен ордовик менен антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө жана девондун аягында жиреп чыккан интрузия тоотектери түзөт. Күңүрт боз, кара түстөгү серицит-чопо-көмүртектүү жана көмүр чополуу (бүлөташ)-сланецтер–кендин пайдалуу катмары. Алардын калыңдыгы 600 мден ашык. Бүлөташтын көөп чыгуу коэффициенти 6,14%, көөп чыгуу температурасы 1160°С, орточо тыгыздыгы 0,44 г/см3. Бүлөташ “Б” классынын “500” маркасындагы керамзиттик гравий жана кум алууга жарамдуу. Запасы А+В категориясы боюнча –3873 миң м3, С1–37500 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–112 миң м3, В–1109 миң м3, А+В–1221 миң м3, С1–1061 миң м3, А+В+С1–2282 миң м3, С2–37500 миң м3. Кен казылып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]