Бурамалоочулар

Википедия дан

Бурамалоочулар (Rotatoria) - баштапкы көңдөйлүүлөр типчесиндеги курттар классы. Бурамалоочулардын денесинин уз. 0, 03-2, 5 мм, сүйрү, кээде шар сыяктуу.

Денеси баш, тулку бой жана бут болуп бөлүнөт. Башындагы эки кирпикчеден турган бурамалоочу аппараты анын кыймылын жана тамак-тануусун камсыз кылып турат. Бурамалоочулардын жер шарында 2 миң, Россия жана Орто Азияда 700 түрү бар. Көлмө суулардын өзүнөн өзү тазаланышында Бурамалоочулардын чоң мааниси бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.