Бурама сызык

Википедия дан

Бурама сызык — бир убакта кыймылсыз окту турактуу бурчтук ылдамдык менен айланып жана октун узундугу боюнча турактуу ылдамдыкта алга жылуу кыймылындагы М чекитинин чийген мейкиндик ийри сызыгы.

Тегерек цилиндрдин бетинде жайланышкан Бурама сызык цилиндрдик Бурама сызык деп аталат. Бурама сызыктын формасын өзгөртпөстөн өзүн өзү боюнча жылдырууга мүмкүн болушу маанилүү касиетке ээ. Бул касиет ар түрдүү бурама түрүндөгүлөр үчүн колдонулат. Бурама сызыктын каалаган М чекитине жүргүзгөн жаныма сызыгы огу менен турактуу бурчту түзөт. Тегерек конустун бетинде конустук Бурама сызык болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.