Бурбондор

Википедия дан

Бурбондор – европалык бир нече өлкөдөгү королдор династиясы, Капетингдердин бир бутагы. Бурбондор Франциянын королу Людовик IХнун (1226–1270) уулу Роберт Клермон-Бурбондон таралат. 1555–1589-ж. Бурбондор Наварра королдугун башкарышкан. Католиктер менен гугеноттордун ортосундагы граждандык согуштун жыйынтыгында Наварра королу Генрих Бурбон 1589-ж. француз тактысына отурат (1610-ж. чейин Генрих IV деген ат менен башкарган). Бурбондордун туңгуч өкүлү Генрих IVнүн бийлигинин тушунда Францияда абсолютизм күч алып, Людовик XIVнүн убагында өзүнүн гүлдөгөн чегине жеткен. Улуу Француз революциясынын жүрүшүндө 1792-жана башка бийлиги кулатылып, король Людовик XVI өлтүрүлгөн. Бурбондор Францияны (1589–1792, 1814–15, 1815–30), Испанияны (1700–1808, 1814–68, 1874–1931, 1975-жылдан азыркы учурга чейин; бурбондордун испаниялык бутагы Людовик XIVнүн небереси Филипп Vден таралат), Сицилиянын эки королдугун (Неополитанда, 1735–1805, 1814–60, бурбондордун бул бутагы Филипп Vнин уулу Карл IVдөн таралат), Парма жана Пьяченца герцогдуктарын (1748–1802, 1847–59) бийлешкен. 1931-ж. испан королу Альфонс XIII тактыдан баш тартып, Испания республика деп жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]