Франциядагы революция (1789-99)

Википедия дан

Франциядагы революция (1789-99) -18-кылымдын аягында Францияда феодалдык түзүлүшкө сокку уруп, социалдык жана саясий системаны өзгөртүп, монархияны кулаткан буржуазиялык демократиялык революция.

1789-ж. 14-июлда көтөрүлүшчүлөрдүн Бастилияны алышы менен революция башталып, 1794-ж. 27-июлда (Термидордук төңкөрүш) же 1799-ж. 9-ноябрда (18-брюмер төнкөрүшү) бүткөн. 18-кылымдын 80-жылдарында Францияда чексиз монархиялык бийлик үстөмдүк кылып, өлкөнүн экономикасы, айыл чарба жана өнөр жайдын өнүгүшүнө кедерги болгон. Финансылык оор абалдан чыгуу максатында 1789-ж. 5-майда король Людовик XVI Генералдык штатты (1614-жылдан бери чакырылган эмес) чакырып, жаңы салыктарды бекитүү буйругу элдик көтөрүлүшкө алып келген. Көтөрүлүшчүлөр 1789-ж. 14-июлда Бастилия чебин алган. 1789-ж. 26-августта эски тартиптин жоюлушу жарыяланып, «Адамдын жана жарандык укуктардын» Декларациясы кабыл алынган. 1792-ж. 10-августта Парижде элдик көтөрүлүш монархияны кулаткан. Өлкөдө бийлик башына якобчилерге каршы турган жирондисттер (соода, өнөр жай буржуазиясы) келип, революцияны андан ары өнүгүшүн токтотууга аракеттенген. 1792-ж. 22-сентябрда реслублика жарыяланган. 1793-ж. 21-январда Конвенттин (жогорку мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу орган) чечими менен король Людовик ХVI өлүм жазасына тартылган. 1793-ж. 31-майдан 2-июнга чейин болгон элдик көтөрүлүш Конвенттен жиродисттерди кууп, яковинчилер бийлигин орноткон. Конституция кабыл алыныл, адамдын тең укуктуулугу жарыяланган. Эркектерге шайлоо укугу берилген. Жерге болгон жеке менчик жоюлган. Европалык монархиялык мамлекеттердин (Пруссия, Австрия ж. б.) Франция революциясына каршы коалициясы кулаган.

Бирок өлкөдөгү якобинчилер бийлигине нааразылыктар күчөп, контрреволюциячыл кутум түзүлгөн. 1794-ж. 27-июлда Термидордук төңкөрүш якобинчил бийликти кулаткан. Бийлик буржуазиянын колуна өтүп, 1795-ж. Директория режими орногон. 1799-ж. 18-брюмер революциянын бүткөндүгүн жарыялаган. Наполеон Парижге кайтып келип, 1804-жылдан Француз империясынын башында турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4