Мазмунга өтүү

Наполеон

Википедия дан
Наполеон

Наполео́н I Бонапа́рт (итал. Napoleone Buonaparte, фр. Napoléon Bonaparte, 15 август 1769, Аяччо, Корсика — 5 май 1821, Лонгвуд, Ыйык Елена аралы) — 1804-1815 жылдары француздарын императору, азыркы Франция Республикасынын негиздөөчүсү.

Өмүрү таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шарль Луи Наполеон Бонапарт 1769-жылы 15-августта Корсика аралынын Аяччо шаарында жакырданган жергилиетүү дворяндан чыккан көп балалуу адвокат Карло Мария Бонапарттын үй-бүлөөсүндө туулган.Атасы турмуш шартынын кыйынчылыгына карабастан балдарына билим берүүгө аракеттенип аларды окуткан.Наполеон Отена колледжинин,андан кийин Бриен аскер мектебинен 1784-жылы Париж аскер мектебинен окуган.1785-жылы кенже лейтенант деген наам алып,Валанса полкуна иштөөгө жиберилген.

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1789-жылы Улуу Франция революциясы башталган.Тулон шаарын бошоткондугу үчүн 24 жашында генералдык чин алган.1795-жылы ага роялисттердин козголоңун басуу тапшырылган.Картечтер менен дүрмөттөлгөн замбиректердин залпы менен Бонапарт козголоңчуларды талкалап,буржуазиянын ага болгон ишенимин чыңдаган.1799-1804-жылдары Француз республикасынын 1-консулу болуу менен ал ири буржуазияга жаккан саясатты жүргүзгөн.1804-жылы Бонапарт сенаттан "Француздардын императору" Наполеон l деп жарыялоону талап кылган.Францияда монархия калыбына келтирилген.Наполеондун тушунда өкмөт өнөр жайдын өнүгүшүндө чоң колдоо көрсөтүп,өзгөчө курал-жарактардын жана аскердик-жабдыктардын,жибек менен кебезден жасалган кездемелердин чыгарылышына кызыккан.Өлкөдө жип ийрүүчү машиналардын саны өскөнү менен ири фабрикалардын саны аз болгон.Менчик,үй-бүлөө,соода ошондой эле кылмыш кодекси жөнүндө закондордун жыйнагы(кодекстер) түзүлгөн.Өзү катышып иштелген кодекстер менен буржуазиялык чындыкты чыңдоого аракеттенген."Наполеондук" деген атты алган "граждандык кодекс" эң маанилүү болгон.Кайсы гана багытта болбосун жеке менчик укугун бекемдөө анын башкы милдети болгон.Жеке менчикке кымындай эле зыян келтиргендик үчүн аёосуз жазалоолор киргизилген.Үй-бүлөөдө аялдардын укуксуздугу бекемделген.Аял үйгө кожоюндук кыла алган эмес,баардык жерде күйөөсүнүн артынан жүрүүгө милдеттүү болгон.Никесиз жана законсуз төрөлгөндөр деп аталган балдар ата-энелеринен эч кандай укуктарды ала алышкан эмес,аларга аталарын издөөгө тыюу салынган.

Наполеондун баскынчылык саясаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европага үстөмдүк кылууну көздөп,ишке ашпас максатка алданган Наполеон 640 миң адамдан турган армиясы менен Россияга 1812-жылы согуш ачып,басып кирген.Анын армиясында жортуулга күч менен жөнөтүлгөн немецтик,италиялык жана башка чет өлкөлүк жоокерлер болушкан."Эгер мен Киевди алсам-деп айткан ал,адегенде Россиянын бутунан аламын,эгер мен Петербургду алсам,анда мен аны башынан аламын,Москваны алсам,анда мен аны как жүрөгүнөн жара саямын"-деген Бонапарт.Орустун даңктуу башкы командачысы М.И.Кутузов башчылык кылган армия Москванын кире беришиндеги Бородино талаасында катуу салгылашып Наполеонду аскерлери менен чегинтишкен.1814-жылы союздаштардын аскерлери Парижге киргенде ийгиликсиз бир нече салгылашуулардан кийин ал тактыдан алынып,Жер Ортолук деңиздеги Эльба аралына сүргүнгө айдалган.Бурбондорду жек көрүүсү күчтүү Наполеон кайрадан бийликти алууну көздөп чакан отряд менен өлкөнүн түштүгүнө түшкөн жана Парижди көздөй жөнөгөн.Наполеонго каршы жиберилген аскерлер ал тарапка өтүп кетишкен.Королдун сарайындагылар да качып кетишет да,Бонапарт кайрадан тактыны ээлейт.Бирок,бийликке болгону 100 күн гана турган.Ага каршы күч боюнча зор басымдуулукка ээ жаңы коалиция тезиси түзүлгөн.Ал өз аскерлерин Бельгияга жөнөткөн.1815-жылы июнда Ватерлоонун алдындагы акыркы чоң салгылашта армиясы англиялык жана пруссиялык аскерлер тарабынан биротоло талкаланып жеңилет.

Өмүрүнүн акыркы мезгили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наполеон тактан түшүрүлүп,туткунга алынып,англиялык фрегат менен алыскы ыйык Елена аралына айдалган.1821-жылы ошол жерден каза болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манфред А.З.Наполеон Бонапарт - М.:Мысль,1986.С.375;
Наполеон Бонапарт//Кыргыз Совет Энциклопедиясы.-Ф.,1979.-Т.4.-Б.365-366.