Бурулча Осмонбек кызы

Википедия дан

Бурулча Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир комузчу. Атасы чоң мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир комузда «Турумтай», «Булбул», «Так теке», «Керме-Тоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башка комуз үчүн иштеп чыгышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]