Бурчтук өлчөөлөр

Википедия дан

Бурчтук өлчөөлөрмашина тетиктеринин, курулуштардын жана башканын бурч өлчөмүн ченөө.

Бурчтар тикеден-тике же кыйыр ыкма аркылуу жаа чени менен өлчөнөт. Байланышы бар бурчтарды ченөө аркылуу изилденүүчү бурчту эсептеп чыгууда кыйыр ыкма колдонулат. Мис, үч бурчтуктун эки бурчун ченөө аркылуу үчүнчүсүн аныктоо. Машина тетиктеринин бурчтары бурч ченегич (угломер) менен ченелет (тикеден-тике ченөө). Геодезияда, астрономияда бурчтар атайын аспаптардын (теодолит, универсал аспап, меридиан тегереги ж. б. ) жардамы менен ченелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.