Бурштин Михаил Григорьевич

Википедия дан

Бурштин Михаил Григорьевич (1943-ж. т., Фрунзе ш.) - пианист, композитор.

Орто Азия республикаларын жана Казакстандын жаш музыкант-аткаруучулар конкурсунун лауреаты. Музыканттардын үй-бүлөсүнөн.

Атасы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Григорий Михайлович Бурштин, энеси Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Слава Марковна Окунь.

1940-ж. Москва консерваториясын бүтөрү менен Кыргызстанга келип жаш профессионал улуттук музыканын өнүгүшү үчүн бүтүндөй чыгармачылык күчүн жумшаган. Бурштин 1957-ж. II. Шубин атындагы музыкалык мектепти, Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы окуу жайынын бүтөт да, Ташкен консерваториясынын фортепьяно факультетинен окуусун улантат.

Бир эле мезгилде композиция факультетинен да окуйт, консерваториянын оркестринде артист, концертмейстер, 1966-ж. фортепьяно кафедрасында педагог болуп иштейт.

1968-ж. окуусун бүтөрү менен Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында адистештйрилген фортепьяно кафедрасында эмгектенет.

Композитор К. Молдобасанов менен биргелешип «Жаңыл Мырза» балетин, биринчи, экинчи симфония, симфониялык поэма, ода, рапсодия-баллада, дунган сюитасын, партитти, фортепьяно менен оркестр үчүн биринчи концертти, «Кыл аспаптар оркестри үчүн ария», поэма-рапсодия, камералык ансамбль үчүн ондогон аспаптык чыгармаларды жазды, дунган, украин, татар ырларын, кыргыз күүлөрүн иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.