Буссоль

Википедия дан

Буссоль - магниттик меридиан менен кандайдыр бир нерсеге жиберилген багыттын (ааимуттун) арасындагы горизонттук бурчту өлчөөчү геодезиялык аспап.

Ал - айнектелген тегерек кутуча, анын ортосунда бекитилген айланма магнит жебеси болот. Кутучада градустарга бөлүнгөн тегерекче (лимб) жана бир нерсеге багытталуучу оптикалык дүрбү бар. Буссоль топогеод. жумуштарды жүргүзүүдө, артиллерияда ж. б. колдонулат да, анын артиллериялык асма, күзгүлүү, автоколлимациондук түрлөрү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.