Бутанаев, Виктор Яковлевич (Астайбек)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев (1946-жылы 12-мартта туулган) – Орусиядагы чыгыш таануучу; хакас элинин заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, профессор, тарых илиминин доктору. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006). "Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу.

Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев Бишкекте. 26.5.2009. Т.Чоротегин тарткан сүрөт.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев 1946-жылы 12-мартта советтик аскер кызматында иштеген хакас тегиндеги Яков Николаевич Бутанаевдин бүлөсүндө Камчаткада (Орусиянын Ыраакы Чыгышында) туулган. Атасы Яков (хакасча аты – Алабарс) Улуу ата мекендик согушка катышкан, учкуч болгон.

"Бутанай" – кыргызча “бото” (төөнүн ботосу, боточосу) деп которулат, ал эми “Астай” сөзү “бак-таалайлуу” жана “жолдуу” дегенди туюнтат. Атасынын ысымы болсо “Алабарс”, бул - “арстан” дегенди туюнтат.

1964-1969-жылдары Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Ташкен мамлекеттик университетинин Тарых факультетинде таалим алган.

1969-жылдан тартып Хакасиянын борбору Абакан шаарындагы Хакас өлкөм таануу музейинде этнограф болуп иштеген.

1970-72-жылдары Орусиянын Приморье чөлкөмүндө (край) Иман шаарында аскердик кызмат өтөгөн.

1972-92-жылдары Хакасия Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтундагы тарых бөлүмчөсүндө ага илимий кызматкер болуп иштеди.

Улуттук “Тун пайрам” аттуу майрамды калыбына келтирүүгө чоң салым кошкон (1980-жыл). Кийинчерээк Хакасиянын улуттук гербинин долбоорун түзүүгө да катышты.

1983-жылы Новосибирск шаарында кандидаттык диссертациясын этнография тармагында жактады. Темасы: “ХIХ к. – ХХ к. башындагы хакас айылынын социалдык-экономикалык өнүгүшү” («Социально-экономическое развитие хакасского аала в конце ХIХ-начале ХХ в.»).

1991-94-жылдары Орусиянын Сибир бөлүмүнүн Филология институтунда фольклор бөлүмчөсүндө (Новосибирск шаарында) этнограф катары эмгектенди.

1993-жылы Новосибирскиде Орусия ИАсынын Сибир бөлүмүнүн Археология жана этнография институтундагы Окумуштуу кеңешинде тарых илиминин доктору наамын алуу үчүн доктордук диссертациясын жактады. Темасы: “Хакастардын этностук маданияты жана алардын тарыхый өнүгүшүнүн негизги баскычтарын калыбына келтирүү көйгөйлөрү” («Этническая культура хакасов и проблемы реконструкции основных этапов их исторического развития»).

Профессор Виктор Бутанаев. 27.5.2008.

1993-жылдан тартып Абакан шаарында Н.Ф.Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин Илим изилдөө бөлүмүндө Этнография лабораториясы ачылып, Бутанаев анын жетекчиси болуп дайындалды.

1994-2011-жылдары аталган университеттин Археология, этнография жана тарыхый чөлкөм таануу кафедрасын жетектеп келди.

1994-жылы Монголияда илимий сапарда болду. Кыргыз-Нор көлүн кезди.

Абаканга келген кыргыз тарыхчылары (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев ж.б.) жана жазуучулары (Кеңеш Жусупов, Кердегей – Кубат Жусубалиев, ж.б.) үчүн Хакасияга жана Тывага этнографиялык сапарлар уюштурду.

1988-2015-жылдары Кыргызстанда бир нече ирет илимий сапарда болду. Ар кыл кыргыз университеттеринде дарстар окуду.

Саян-алтай этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишти.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Файл:В.Я.Бутанаев.jpg
Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев

Жубайы – Ирина Исаевна (Эркине) Бутанаева. Ал – хакас тили жана фольклору боюнча адис, илимпоз.

Уулу – Азархан (түрколог), кыздары – Дарига, Алангоа.

Илимий жана башка коомдук наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

1994-жыл - Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын анык мүчөсү.

1995-жыл – Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын) ардактуу мүчөсү.

1998-жыл – Түркологдордун эл аралык жамаатынын президиумунун мүчөсү (Түркстан шаары, Казакстан).

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

1996-жыл – Хакас мамлекеттик университетинин профессору наамын алды.

1999-жыл – И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш тилдери жана маданияттары институту тарабынан бул институттун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

2002-жылы Кыргызстандын “Даңк” медалы менен сыйланды. Ошол эле жылы “Түрксой” уюмунун алгачкы Эл аарлык сыйлыгына татыды.

2004-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.

2006-жылы “Тыва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору” наамы менен сыйланды. Ошол эле жылы “Орусиянын кесипкөйү” («Профессионал России») медалы менен сыйланды.

2006-жылы "Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.

2008-жылы ал хакастар жана фу-йү кыргыздары тууралуу соңку китептери үчүн жалпы орусиялык жогорку окуу жайлардын окуу китептер конкурсунун диплому менен сыйланды.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бутанаев В.Я. К вопросу о хакасских цифровых знаках.//Уч. зап. ХАКНИИЯЛИ. - Абакан, 1975
  • Бутанаев В.Я. Вооружение и военное дело хакасов в позднем средневековье (по материалам фольклора).//Военное дело древних племен Сибири и Центральной Азии. - Новосибирск, 1981
  • Бутанаев В.Я. Происхождение хакасов по данным этнонимики//Историческая этнография: традиции и современность. - Л., 1983
  • Бутанаев В.Я. Хакасские народные названия исторических памятников//Вопросы древней истории Южной Сибири. - Абакан, 1984
  • Бутанаев В.Я. Об этническом имени хакасов в эпоху позднего средневековья//Археология и Этнография Южной Сибири. - Барнаул, 1984.
  • Бутанаев В.Я. Народный календарь хакасов. Рериховские чтения 1984 : Материалы конференции.- Новосибирск, 1985.- С. 326-321
  • Бутанаев В.Я. Молдобаев И.Б. Киргизско-хакасские этнокультурные связи.//Историко-культурные связи народов Южной Сибири. - Абакан, 1988.
  • Бутанаев В.Я. Этническая история хакасов XVII-XIX вв.//Материалы к серии "Народы Советского Союза". - М., 1990,
  • Бутанаев В.Я. Вопрос о самоназвании хакасов. // Этнографическое обозрение. 1992. № 2. С. 63-69.
  • Бутанаев В.Я. Происхождение хакасских родов и фамилий.- Абакан, 1994.
  • Бутанаев В.Я. Хакасы. Этнографический очерк. 1995, ISBN: 5-85840-274-7.
  • Бутанаев В.Я. Топонимический словарь Хакасско-Минусинского края. Лаборатория этнографии НИС ХГУ, 1995
  • Бутанаев В.Я. К вопросу о Кыргызско-Хакасских этнографических связях. Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. (Материалы Международной научной конференции, посвященной 1000 летию эпоса "Манас" 22-24 сент. 1994 г.)- Бишкек: Кыргызстан, 1996. - С. 102-126.
  • Бутанаев В.Я. Хакасско-русский историко-этнографический словарь. Хакасия, 1999
  • Бутанаева И.И., Бутанаев В.Я. Актуальные проблемы истории тюрков Саяно-Алтая
  • Бутанаев В.Я. Кыргыс — хоорайские сказания и легенды
  • Бутанаев В.Я. Бурханизм тюрков Саяно-Алтая, ХГУ им.Н.Ф.Катанова, 2003
  • Бутанаев В.Я. Традиционный шаманизм Хонгорая. ХГУ им.Н.Ф.Катанова, 2006
  • Бутанаев В.Я. Хакасский шаман и его общественный статус / Мартьяновские краеведческие чтения (2005-2006 гг.) / [отв. за вып. Н. А. Голованенко ; науч. ред. Л. Н. Ермолаева]. - Минусинск : [б. и.], 2007. - Вып. 4


Кыргызстандагы ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
  • Кыргыз жана хакас тарыхы тууралуу - Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Энеcайлык данакер этнограф: Хакас элинин чыгаан этнографы, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаевдин 70 жылдык мааракесине арналган жыйнак / Жооптуу редактор проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 374+iv б., сүрөт. – И.Арабаев атынд. Кыргыз мамл. университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-553-7.
  • Жаныбекова, Кайрыкан Расуловна. Профессор В.Я.Бутанаев: Энесай кыргыздары жана алардын тарыхый тагдыры / Жооптуу редакторлор проф. Т.А.Абдрахманов менен проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 166+iv б., сүрөт. – И.Арабаев атынд. Кыргыз мамл. университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-551-3.

Кыргызчага которулган эмгектери:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бутанаев В.Я., Бутанаева И.И. Эне-Сай кыргыздары: фольклор жана тарых / Кыргызчага которгон профессор, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев. – Бишкек: "Сорос-Кыргызстан" Кору, 2002. - "Котормочулук" долбоору. http://www.bizdin.kg/component/content/article/3-newsflash/60-enesay-kygyzdary

Айрым интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]