Бутендер

Википедия дан
Бутендер.
Бутендер.

Бутендер, бутилендер, С4Н8газ абалындагы каныкпаган углеводороддор. Үч изомери белгилүү: a-бутилен же кадимки бутен-1, СН2=СН-СН2-СН3 6,25°Сде, Р-бутилен, бутен2 (трансже цис-формада), СН3-СН=СН-СН, 3,72°Сде, изобутен (СН3 )2 С=СН2–6,9°Сде кайнайт. Бутендер сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Аларга олефиндерге тиешелүү бардык химиялык касиеттер мүнөздүү. Суутек, галогендер жана галогендүү суутектер менен реакцияга кирет, абада окистенип, бутилен оксидин пайда кылат. Бутендер катализатордун таасири менен изомерлөө жана полимерлөө реакцияларына кирет. Өндүрүштө бутендер. бензинди же этиленди катализ же крекинг жолу менен өндүрүүдө жардамчы зат катары, ошондой эле суюк нефть заттарын жана нефть газдарын пиролиздөөдөн алынат. Алар суюк отун, бутадиен, изопрен, бутилкаучук, полиизобутилен, полибутендер, метилэтилкетон, антиоксиданттар жана башка заттарды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]