Бутирометр

Википедия дан

Бутирометр (гр. butyron - май жана. . . метр), майлуулукту өлчөгүч - сүттүн майлуулугун өлчөөчү прибор.

Көп колдонулуучу Бутирометр - шкаласы бар цилиндр түрүндөгү айнек идиш. Прибордун шкаласынын бир бөлүгү 0, 1% ти (массасы боюнча) көрсөтөт. Текшерүү үчүн Бутирометрге 11 см3 күкүрт кислотасы жана 1 см3 амил спирти куюлат да, оозуп тыгындап, аралаш-тырылат. Бул учурда сүттүн майдан башка составдын бөлүгү эрип кетет. Маq жакшыраак бөлүнүп чыксын үчүн Бутирометр центрифугада айландырылат, андан кийин сүттөгү майдын саны шкала боюнча % менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.