Буулум

Википедия дан

Буулум – 1) кымбат баалуу, сейрек кездешүүчү кездеменин бир түрү. «Манас» эпосунда: «Барча, буулум, дүрүйө, баасы кыйын дүнүйө» деп айтылат; 2) кийимдин аталышы. Ичи суусар жана башка баалуу терилер менен ичтелип, буулум менен тышталган, жеңил, жылуу ичик же тон тигилгендиги жоромолдонот. «Каныкей, буурулду берчи минейин, буулумду берчи кийейин», деген саптарда буулумдан тигилген кийим да буулум деп аталары айгинеленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]