Соко

Википедия дан
Буурсун‎»‎ барагынан багытталды)
Соко.

Сокодыйканчылыктагы эмгек шайманы. Чыканак сымал ийрейип өскөн катуу жыгач тандалып, анын кыска ачасына коло, чоюн же темир тиш бекитилген. Узун ачасынан илмекче чыгарылып, ага унаага чиркөөчү ок жыгач бириктирилген.

Сокого чегилген унааны бир адам жетелеп, экинчиси Соконун туткасын 2 колу менен жерге бек ныгыра кармап, жер айдоону жүргүзгөн. Сокого өгүз же ат чегилген. Мурунураак Соко буурсунду алмаштырган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]