Буу түтүгү

Википедия дан

Буу түтүгү - бууну керектөөчүлөргө (буу казанынан турбиналарга, технология жана жылытуучу системаларга) жеткирүүчү курулуш комплекси.

Ал айрым түтүктөрдөн, аларды бириктиргичтерден (фланец, муфта, үчтүк ж. б. ), тирек жабдуулардан (венигль, жылдыргыч, редукциялык клапан), дренаж түзүлүштөрүнөн, тирөөчтөй жана бекиткичтерден турат. Буу өтүп жатканда жылуулуктун сарп болушун азайтуу үчүн Буу түтүгү жылуулук сыйымдуулугу аз материалдар менен оролуп коюлат. Буу түтүгү энергетикалык жана технологиялык максатка ылайыктуу буунун жүрүшүнө жараша ар кандай температурага жана басымга ылайыкталып жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.