Буфердик эритме
Буфердик эритме – чөйрөнүн курамы өзгөрүлсө да, рНтын же окистенүү-калыбына келүү потенциалынын маанисин өзгөртпөй кармап туруучу эритме. Иш жүзүндө кислоталары негиздик жана окистендиргич-калыбына келтиргич буфердик эритмелер белгилүү. Буларды концентрациялаганда, суюлтканда, ошондой эле күчтүү кислотаны же негизди бир аз кошкондо чөйрөдөгү рНтын маанисин өзгөртпөй кармап турат. Алар күчсүз кислота менен анын тузунун (CH3COOH жана CH3COONa) же күчсүз негиз менен анын тузунун (NH4OH жана NH4d) аралашмасынан пайда болот. Химиялык технологияда, анализдик химияда химиялык процесстердин рНтын берилген маанисинде жүрүшүн камсыз кылат. Буфердик эритме организмде өтүп жаткан биохимиялык процесстерде да чоң мааниге ээ, анткени алар чөйрөнүн белгилүү гана рНында жүрөт. Көпчүлүк биологиялык суюктуктар буфердик эритме алардын курамын карбонаттар, фосфаттар жана белоктор түзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4