Бухара газли мунай-газ аймагы

Википедия дан

Бухара газли мунай-газ аймагыӨзбекстандын батыш бөлүгүндө мунай-газ кендери жайгашкан ири аймак. Кен Аму-Дарыя өрөөнүндө, мезозой заманында жаралган чөкмө тоо тектерде жатат. Арасында мергель катмарлары бар акиташтектеринде мунай менен газ топтолгон. Мунай, газ кендери: Газли, Шорчи, Акжар, Жаркак, Кароолбазар, Сарыташ, Зекры, Шордөбө, Түндүк Мубарек, Түштүк Мубарек, Карабапр, Карактай жана башка Алардын ичинен ириси Газли мунай-газ кени. Андагы газ запасы 500 млрд м3, мунайдыкы 5 млн тоннага жакын. Кендерден чыккан мунайдан жогорку сапаттуу керосин, дизель майы, реактивдүү отун (Шор-Дөбө, Түштүк Мубарек) алынат. Райондун газы Урал, Түштүк Казакстан, КМШнын борбордук бөлүгүнө Бухара Урал Борбор газ кууру, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстанга Бухара Ташкен Бишкек Алматы газ кууру аркылуу жиберилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]