Бухара така тумшуктуу жарганат

Википедия дан

Бухара така тумшуктуу жарганат (Rhinolophus (R.) bocharicus), (Kastschenko et Akimov, 1917):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареалы мээлүн алкактын түштүк бөлүгүн жана Палеарктиканын субтропикасын камтыйт. Буларга дагы бүт Батыш Европа, Кичи Азия, Түндүк Африка, Батыш Украина, Молдова, Түштүк Крым, Кавказ сырты, Афганстандын түндүгү, Түштүк Казакстан, Кытай, Непал жана Жапан аралдары кошулат. Борбор Азияда, Түштүк Түркмөнстанда, Түштүк Казакстанда ( эң эле түндүк жагында табылышы Каратоодо белгилүү), Батыш Тажикстанда, Өзбекстандын чыгыш бөлүгүндө кездешет.Кыргызстанда Алай Кекликтоо жана Түркстан кыркаларынын тоо этектеринин түндүк беттеринде жашашат. ==Жашаган аймактары==Климаты кургак жапыз тоо этектери, чөлдүү өсүмдүктүү келген тоо беттери жана өрөөндөгү оазистик айдоо жерлер. Көпчүлүк учурда башка түрлөр менен бирге ( тик кулак, кичи жана ири така тумшук жарганат, жазы кулактуу жарганат) үңкүрлөрдү пайдаланат. Жылуу ( 18-25С) жана нымдуу ( салыштырма нымдуулугу 100% ке чейин) үңкүрлөргө корголойт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саны анча көп эмес, бирин-серин тобу он чакты особго жетпейт. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Түштүк Кыргызстандын территориясында жыл бою учурайт, бирок дайыма көчүп жүрүүгө ыңгайланган. Ноябрда кыштоого кыштаганга келишет жана андан февралдын аягынан тартып уча башташат.Жашоо тиричилигин түнкүсүн өткөрөт, күндүз жашыруун жерлерде болушат. Андан 2 жолу учуп чыгышы белгилүү: кечкисин узактыгы 3 саатка чейин жана таңга маал узакка созулбайт. Активдүүлүгүнүн радиусу 1,5 км ге чейин жетет. Азыгынын негизин жумшак жабдуулуу курт-кумурскалар – кош канаттуулар, үкү – көпөлөктөр, коңуздар, жалтылдак сары аарылар түзөт. 0,2 м ден 15 м ге чейинки бийиктикте айдоолор, суулардын жайылмасы, суулардын жана каналдардын үстүндө учуп жүрүп азыктанышат. Така мурундуулар суулардан жана каналдардан алыс эмес жерлерде жайгашышат, себеби сууну ичүүгө активдүү колдонушат, өзгөчө ургаачылары балдарын багуу мезгилинде.Көбөйүү мезгилинин башталышы майдын аягына - июндун башына туш келет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдардын үңкүрлөргө келип турушуна өтө сезгич болушат.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көбөйтүлбөйт.

=[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жок.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган жана жашынуучу жерлерине кишилердин көзөмөлсүз келип турушунан коргоо.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI категория, Near Threatened, NT: R. Кыргызстан үчүн сейрек кездешүүчү түр, өзүнүн ареалынан сырткары четтерде жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]