Бушмендер

Wikipedia дан

Бушмендер (англисче bushman, голландча boijesman – токой кишиси) – Түштүк жана Чыгыш Африканын байыркы жергиликтүү калкы. Бушмендер Калахари жана Намибия чөлдүү аймактарында, Ботсванада, Анголада, Зимбабведе жашашат. Бушмендердин жалпы саны 90 миң адам (1996). Бушмен жана банту тилдеринде сүйлөшөт. Бир кездерде Түштүк Африканы конуштаган бул элди түндүгүнөн бантулар, түштүгүнөн европалык колониячылар кысып, кыргынга учураткандыктан, жер которушкан. Бушмендер негизинен аңчылык жана жапайы мөмө-жемиш жыйноочулук менен кесип кылышкан. Таш, сөөктөн жасалган эмгек куралдарын (жаа, жебе жана башка) колдонушкан. Алар үңкүрлөрдө, чөп алачыктарда, кумдуу жерлерде казылган анча терең эмес чуңкурларда жашашып, түн ичинде үшүбөс үчүн чокмороктошуп, ортолорунда балдары менен аялдары жатышат. Бушмендер жылаңач жүрүшөт, кийим ордуна белинен ылдый жазы жалбырактарды же тери жамынышат. Төө куштун жумурткасынын кабыгынан жасалган идиштерди, сөөктөн жасалган ийне жана жаныбарлардын ичегисинен жасалган жип жана башка колдонушат. Аялдары бетин кара боёк менен боёп, андан соң манжаларынын учу менен сүртүп, антилопа, зебра же кабыландын терисинин түсү сымал оймо-чиймелер менен кооздошкон. Бушмендер жапайы дарбызды тамак, ошондой эле самын катары да пайдаланышат, анын данектери менен бирине бири жеңил массаж жасашат. Суусундукка жапайы өскөн тсамма коонун колдонушат. Аңчылыктан тапкан олжолорун (антилопа, жапайы эчки жана башка) отко бышырып жешет. Азыркы мезгилде көптөгөн бушмендер. европалык фермаларга жалданып иштешет. Бушмендер байыртадан аска ташка сүрөт чегүүнүн жана тартуунун чебери. Мындай сүрөттөр (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка таандык) Бириккен Араб Республикасында, Лесото, Замбия, Зимбабве, Намибияда кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]