Быстровка кум-шагыл кени

Википедия дан

Быстровка кум-шагыл кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынан 7 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1106 м бийиктикте. 1985-ж. чалгындалган. Кен аймагы Чүй дарыясынын өрөөнүнүн аллювий-пролювий чөкмөлөрү болгон кум-шагыл-койташ катмарынан түзүлгөн. Кум-шагылдын изилденген калыңдыгы 10–11,8 м. Орточо гранулометриялык курамы: 700 –70 мм 38%, 70 –5 мм 44%, 5 ммден майдасы – 18%. Кум-шагыл негизинен жанартоодон атылып чыккан (86%) тектерден турат. Кум-шагыл курулуш иштерине жана “300” маркадагы бетонго жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча –414 миң м3, В–561 миң м3, С1–552 миң м3, А+В+С1–1527 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–337 миң м3, В–561 миң м3, С1–552 миң м3, А+В+С1–1450 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]