Бытие

Википедия дан

Бытие - адамдын аң-сезиминен, эркинен тышкары жашаган объективдүү дүйнөнү, материяны туюндурган философиялык категория.

Бытие - адам турмушунун, иш-аракетинин зарыл шарты жана булагы. Философиянын тарыхында Бытие жөнүндө материализм менен идеализмде ар түрдүү концепциялар болгон. Материализм Бытиенин негизин материя түзөт десе, идеализм, тескерисинче, Бытиенин негизи идея деп санайт. Бытие жөнүндөгү алгачкы концепциялар байыркы грек философиясында Сократка чейин эле пайда болгон. Философ Парменид Б-ни ойлоо менен окшош десе, Гераклит анын дайыма өзгөрүп, жаңырып, кайрадан түзүлүп турарын көрсөткөн. Платон, болсо туюмдуу нерселерге караганда "таза идеялар" нагыз Бытие болот дейт. Аристотель Бытиенин түрлөрүн бөлүп, аны бардык категориялардын жалпы предикаты болот деп эсептеген. Ал материя менен ферманын өз ара байланышы жөнүндөгү илимге таянып, форманы Бытиенин ажырагыс мүнөзү деп түшүндүргөн. Кайра жаралуу доорунда илим менен техника өнүгүшүнө жана материалдык байлыктарды өндүрүүнүн өсүшүнө байланыштуу Бытиенин материалдык концепциясы калыптана баштаган. 17-18-кылымдагы илимпоз-философтор Бытиени адам катышпаган, өзүнөн өзү аракетке келип турган механизм деп эсептешип, адамды табиятка карама-каршы коюшкан жана Бытие менен ойлоо маселесин натуралисттик түрдө түшүндүрүшүп. Бул концепциянын ар кыл түрлөрүн Ф. Вэкондун, Т. Гоббстун, Ж. Локктун, Бытие Спинозанын философиялык системаларынан, француз материалисттери менен Декарттын физикасынан учуратууга болот.

Гегелдин системасында Бытие - духтун өзүн өзү таанышындагы өткөөл момент. Гегель Бытиени абс. духка шайкеш келген, ар дайым кыймылда турган, субъект формасында аң-сезимде чагылган иш-аракет объекти деп түшүнөт. Маркс философиясы Бытие жөнүндөгү маселени эки көз караштан талдайт: биринчиден, Бытие материя жана билимдин объектиси деп, аны ар түрдүү тармактарга ажыратат; экинчиден, коомдук Бытиени адамзат тарыхынын өнүгүшүндөгү социалдык практиканын натыйжасы деп, Бытиенин тарыхый өнүгүшү жөнүндөгү концепцияны кубаттайт. Марксизм коомго карата, "коомдук Бытие" деген терминди колдонот. Коомдук Бытие - материалдык дүйнө, практикалык турмуш. Табигат Бытиеси менен социалдык, Бытиенин өз ара байланышын түшүндүрүүдө диалектикалык материализм табигат Бытиесин биринчи деп билет. Илим менен техниканын өнүгүшүнүн натыйжасында гана адамдын таанып-билген дүйнөсүнүн чеги кеңейет. Маркс аң-сезим менен Бытиеге мындай аныктама берет: "Аң-сезим.. . - таанып-билген бытие, эч качан башка эч нерсе боло албайт, ал эми адамдардын бытиеси - алардын турмушунун реалдуу процесси" (Маркс К., Энгельс Ф., Соч. 2 изд., т. З, стр. 25).

Табигый жана социалдык Бытиенин өз ара байланышы жөнүндөгү маселени чечүүдө диалек. материализм табигаттын биринчилигин, табигат дүйнөсү адамдардын иш-аракеттерине көз каранды болбой жашай турганын белгилеп, социалдык же коомдук Бытие табигый Бытиеден обочолонуп турбаганын да ачык-айкын көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.