Бычак

Википедия дан
Бычак

Бычак — бир жак кыры миздүү, кармоого эпиндүү, металлдан, мүйүздөн, сөөктөн, жыгачтан жумуру сабы бар бирдемелерди кесүүчү аспап-курал. Бычактын сабына чеберлер «сыя төгүү», «чапкылоо» сыяктуу зергерчиликтин түрдүү ыкмалары менен элдик көркөм оюм-чийимдерди түшүрүшөт. Асыл таш, айнек аркылуу «тогуз төбөлөйт». Бычакты пайдалануу да адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата болот. Сабына ар кандай акак таштарды, айнекти чөгөрүлүп жасалган «бычактар» күлгүн жигиттерге таандык болот. Мунун чоңун «шамшар» деп аташат. Мүйүз сап, жыгач сап, металл сап бычактарды улгайгандар атайын кын жасатып, жанда алып жүрүшчү. Депкир сабына күмүш жалатып, ага оюм-чийим түшүрүшкөн.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)