Бэнто

Википедия дан
Бэнто
Пайда болгон өлкөсү

Жапония

Bento (food)
Кадимки бэнтонун бир үлгүсү (жап. 典型的な弁当の例)

Бэнто (жап. 弁当 бэнто) — жапондордун тамак салган идиши менен анын ичиндеги тамактын жалпы аты. Ал куту түрүндө жасалып, ичине бир порция тамак салынат. Бэнтодо, көбүнесе, күрүч, балык, чийки же маринаддалган ар түрдүү жашылчалар болот. Бэнто кутусунун формасы жана жасалгасы боюнча айырмаланган көптөгөн түрлөрү бар.

Бэнто Жапониядагы окуучулар арасында кеңири тарап, түшкү тамакты бэнто кутусуна салып алып, каалаган жеринде, каалаган учурунда жегенге жакшы шарт түзүп берет. Бэнтолор өлкөнүн көпчүлүк супермаркеттеринде, атайын «бэнтоя» деген дүкөндөрүндө сатылса да, ар бир үй-бүлөнүн кожойкеси өз балдарына кам көрүп, бэнтону күн сайын эң мыкты деңгээлде үйдөн даярдап берип турууга аракеттенет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бэнто Камакура (1185—1333-жж.) мезгилинен бери даярдалып келет. Ал алгач кургатылган күрүчтөн жасалып, кичине баштыкчаларга салынып, жолдо желчү. Кийинчерээк Азучи-Момояма (1568—1603-жж.) доорунда жыгачтан атайын кутулар жасала баштаган. Ошондон тарта аны ханами, чай аземи сыяктуу маданий баалуулуктагы иш-чараларына да көтөрө барышкан.

Бэнтонун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суши бэнто (жап. 寿司の折詰め
  • Чюка бэнто (жап. 中華弁当 ). Бэнтонун бул түрү кытай ашканасына таандык тамак-аштардан турат.
  • Камамэши бэнто (жап. 釜飯弁当) — чооп идишке салынып жасалган түрү. Ичиндегини жеп бүткөндөн кийин, чопону азем белек (сувенир) түрүндө таштап кеткендер да учурайт.
  • Макуно-учи бэнто (жап. 幕の内弁当) — күрүч, маринаддалган умэ (умэ – өрүктүн бир түрү), куурулган балык, жумурткадан турган классикалык бэнто.
  • Норибэн (жап. 海苔弁) — нори деп аталуучу балыр менен капталып, ичинде күрүчү бар бэнто.
  • Шидаши бэнто (жап. 仕出し弁当) — ресторандарда жасалчу бэнто. Бэнтонун бул түрүнө классикалык жапон тамактары кошулат. Мисалы, тэмпура, күрүч жана маринаддалган жашылчалардан турган шидаши бэнтону көп көрүүгө болот. Муну менен катар Жапонияда ичине европалык тамак-аш салынып жасалган шидаши бэнтолор да кеңири тараган.
  • Сушизумэ (жап. 鮨詰め) — бэнто түрүндө оролуп коюлган суши.
  • Торибэн (жап. 鶏弁) — куш этинен жасалган бэнто.
  • Жюкубэн (жап. 塾弁) — окуучунун бэнтосу.
  • Кярабэн (жап. キャラ弁) — кутусу адамдын, жаныбарлардын ж.б. нерселердин формасына окшоштурулуп жасалган бэнто.

Башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Сумида-гава" бэнтосу (жап. 弁当「すみだ川」)
  • Хаябэн (жап. 早弁) — сөзмө-сөз которгондо «ыкчам бэнто». Башкача айтканда, тез татым түрүндө даярдалып шашкеде желчү бэнто.
  • Хокабэн (жап. ホカ弁) — жеткирүү сервиси аркылуу сунушталган бэнтолордун жалпы аты.
  • Рэйто микан (жап. 冷凍ミカン) — тоңдурулуп коюлган мандарин. Темир жол станцияларында сатылып, дессерт түрүндө желет.