Бюрократия

Wikipedia дан

Бюрократия (фр. bureaucrate – мамлекеттик мекемелерде стол жапкан жашыл сукно; мамлекеттик аппараттын ортоңку звеносун тейлеген кызматчы). Бюрократиянын болуусу саясат жана бийликтин жашоосу үчүн зарыл шарт. Бюрократия администрациялык иштин техникасына ээ, маалыматтар, документтер колунда, ошондуктан ал мамлекеттик чечимдер, актыларды даярдоо, түзүү мүмкүндүгү, калк менен түздөн-түз байланышка чыгууну аткарат. Бюрократия термини үч мааниде колдонулат: 1) Социалдык организм, социалдык карама-каршылыктар, антогонизм конфликт, уюштуруу-башкаруу гана эмес, саясий «бөлүнүүчүлүк» натыйжасы (обочолонуу). 2) Өзгөчө функция жана артыкчылыктарга ээ, коомдон обочолонуп, андан бийик турган бийлик аппаратынын жардамы менен ишке ашырыла турган башкаруу системасы. 3) Ушул система менен байланышкан элдердин катмары Бюрократия коомдук өнүгүүнүн бардык этаптарында аң-сезимдин идеологиянын формасы, саясий структурасы, экономикалык мамилелери менен органикалык байланышта болот. Бюрократиянын социалдык табияты ар түрдүү жана бир бүтүндүк. Бюрократиянын мамилелери социалдык-экономикалык жактан шартталган индивиддердин аң-сезими, эрки, кызыкчылыгынан көз каранды эмес жана мамлекет менен коом, гражданин менен бийликтин ортосундагы карама-каршылыктар, конфликттердин формасы болуп саналат. Бардык эле мамлекеттерде чиновникти идеалдаштырып, аны социалдык, саясий маселелерди чечүүдөгү эң зарыл, идеалдуу гражданин, элемент катары көрсөтөт. Калган граждандар ушул саясий иллюзияны кандайча кабыл алгандыгына жараша «көңүлү түз» же «түз эмес» деп бөлүнүшөт. Мамлекетти башкаруу – бул чиновниктин саясий акыл-эске, саясий моралга болгон монополиясынын формасы. Бирок, бул акыл-эс социалдык чындыкты туура чагылдыра албайт, анткени чагылдыруу чиновниктин социалдык статусунан көзкаранды. Мамлекеттик башкаруу иерархия түрүндө жүрөт. Чындыкты иерархия мыйзамына жараша тааныса ал жогорку деңгээлдеги укук болуп саналат. Бийлик демейде өзүнүн күнөөсүн граждандарга жана коомго жабыштырууга умтулат. Өз аракеттерин сындан коргоо үчүн бийлик бюрократташтырууну пайдаланат. Бюрократтык мамиле – саясий сокур ишенимди пайда кылат. Эгерде официалдуу адамдар адилеттүүлүктүн критерийине жараша социалдык проблемаларды чече албаса, саясий сокур ишеним – скепсис, шылдыңга айланып, граждандардын саясий окуяларга кайдыгер болушуна алып келет. Бул кайдыгерлик акыры мамлекеттик формализмдин өнүгүшүнө алып келет. Мамлекеттик формализм – мамлекеттин саясий максаттарынын кеңселик иштерге айланып кетиши. Бийликтин же башкаруунун аппаратындагы көп милдеттер – өкмөттүн жеке менчиги. Ошол кызматты аткаруу менен индивид өз материалдык кызыкчылыгын ишке ашырат, улам жогорку кызматка жылуу аркылуу анын саясий менчиги – масса менен каалагандай иштөө эркиндиги көбүйү берет. Чиновник өзүн гана ойлоп, а мамлекеттик аппарат бардыгына каршы абалга келип калат. Саясий обочолонуу – көп улуттуу өлкөлөрдө кездешет, мында саясий система – жасалма туруктуулук, ал эми башкаруу эң негизги элемент. Бийлик мында атаандашкан катмарлар жана таптарга таянат. Мамлекеттик кызмат улуттук кызыкчылыктан жогору коюлат. Аскердик бюрократтык топгруппа мамлекеттик өзгөчө кастага айланат да, мамлекеттин саясий негизин түзүп калат. Бюрократтык космополитизм пайда болот. Мамлекеттик аппараттын ушундай уюштурулушу өкмөткө калктан каражатты сыгып алып, ошол эле мезгилде баш ийдирип турган саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Өнөр жай, соода элдин керектөөсүнө эмес, мамлекеттик салыкты көбөйтүү жана чет элдик конкуренцияны четтетүү үчүн гана иштеп калат. Мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийликтери башкаруу жана баш ийүүнүн традициялык мамилесине айланат. Бюрократияга каршы турууга күч жок.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9