Бүргөн

Википедия дан
Бүргөн.

Бүргөн (лат. Artemisia scoparia) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы шыбак уруучасынын түрү.

Бир же эки жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 30-90 см. Жалбырактары татаал, жетиле элегинде түктүү. Жер бетинде, көбүнчө Европа, Азияда, ошондой эле Кыргызстандын дыйканчылык зонасында кеңири таралган. Бүргөндүн жер үстүндөгү бөлүгүндө 0, 09-1, 1% эфир майы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.