Бүткүл дүйнөлүк шоколад күнү

Википедия дан

Бүткүл дүйнөлүк шоколад күнү (англ. World Chocolate Day) — Ар жыл сайын 11-июлда белгиленүүчү майрам.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул күндү белгилөө Францияда 1995-жылдын 11-июлунда негиз салынган. Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат. Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.