Бүтүн жана бөлүк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бүтүн жана бөлүк – нерселердин жыйындысынын (бүтүндөр) жана анын курамындагы элементтердин бөлүктөр өз ара байланыштарын билдирүүчү философиялык категориялар. Жалпысынан бөлүктөр бир бүтүн нерсенин өзгөчөлүгүн көрсөтө турган элементтер. Мисалы, биологиялык түр объективдүү өзгөчөлүк катары өзү камтыган бардык индивиддердин маанилүү байланыштарынан турат. Түр индивиддерге карата бүтүн болсо, индивиддер ага карата бөлүк болот. Турмушта бир нече бүтүн биригип, өзүнөн татаалыраак бүтүндү пайда кылышы мүмкүн. Мындай учурда бир бүтүн дагы бир бүтүндүн камтылган бөлүгү болуп калат. Алгач бул маселе боюнча бир-бирине карама-каршы механисттик жана виталисттик багыттар пайда болгон. Механисттер бүтүндү бөлүктөрдүн жөнөкөй жыйындысы, ошондуктан бүтүндө жаңы сапаттар менен касиеттер болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Виталисттер бүтүндүн касиеттери анын бөлүктөрүнүн касиеттеринин жыйындысы жана бүтүндө жаңы касиеттер менен сапаттар пайда болот жана туташ бир бүтүн организмден анын бөлүктөрүн алып таштасак, организмде материалдык эмес бирдеме калат, нерселер менен кубулуштарды бир бүтүн кылып бириктирип жана жөнгө салып тура турган материалдык эмес күч болот дешет. Азыркы кезде неомеханизм жана неовитализм сыяктуу концепциялар философияда кеңири тараган. Бүтүн жана бөлүктүн ортосунда биримдик, туура келүү жана каршылык катыштары болот. Бүтүн дайыма өзгөрүштө, кыймылда, өнүгүүдө, бир бүтүндүн негизинде экинчиси, экинчиден үчүнчүсү жана башка бүтүн пайда болот. Жаңы бүтүн эски бүтүндүн негизинде дароо даяр түрүндө пайда болбойт. Адегенде жаңы бүтүндүн кээ бир керектүү бөлүктөрү эски бүтүндүн ичинде пайда болуп, өнүгүүнүн натыйжасында жаңы бүтүндү пайда кылат. Бүгүндүн ар түрдүү типтери (механикалык, физикалык, биологиялык, химиялык, социалдык) боло.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]